БИШКЕК. Кыргызстанда СПИДдин ВИЧ инфекциясы менен жабыркагандардын саны 655ке жетти. Алардын 333ү Ош облусунда катталган. Инфекцияга кабылгандардын 85% илдетти ийне аркылуу жугузушкан. Алардын 31и СПИД менен ооруп жатышат. Кыргызстанда бул илдеттин жыныстык жол менен жайылуу коркунучу күчөөдө. Бул тууралуу СПИД борборунун Бишкек шаардык бөлүмүнөн кабарлашты.