Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Пикетчилер акциясын улантышты


БИШКЕК. Экс-элчилер Роза Отунбаева менен Мамбетжунус Абыловдун тарапкерлери дүйшөмбүдө нааразылык акциясын улантышты. Бул күнү Жогорку Кеңештин имаратынын маңдайына 15тен ашык киши чыкты. Алар мурдагыдай эле расмий бийликтен жана БШКдан элчилерди парламенттик шайлоого катыштырууну талап кылышты. Экс-элчи Роза Отунбаева 6-январда №1 Университет шайлоо округунан катталган. Бирок, бул каттоону мыйзамсыз деп эсептеген округдук шайлоо комиссиясы бул чечимди ушул эле күнү жокко чыгарган. Чечимди элчинин арызына ылайык Жогорку Сот карап, аны мыйзамдуу деген бүтүм чыгарды. Талапкер катары каттоодон өтпөй калган экс-элчи Мамбетжунус Абылов болсо Жогорку Сотко 28-январга чейин кайрылууну көздөп жатат. Абыловдун арызын Каракөл шаардык соту 18-январда карап, аны канагаттандырган эмес.

XS
SM
MD
LG