Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Атуулдук тилектештик бирикмеси митинг өткөрөт


БИШКЕК. Атуулдук тилектештик бирикмесинин 5-февралга белгиленген «Адилет шайлоо үчүн» аттуу форуму мурда белгиленгендей, «Манас» кинотеатрында эмес, Жеңиш аянтында митинг түрүндө өтөт. Бул тууралуу бүгүн бирикменин координатору Сабира Солтогелдиева билдирди. Анын айтымында, пландын өзгөрүшүнө «Манас» кинотеатрынын жетекчилигинин мурда түзүлгөн контрактты бузгандыгы себеп болду.
Ушул эле күнү Өкмөттүн алдындагы маданиятты өнүктүрүү комиссиясынын төрага орун басары Болот Осмонов маданият кызматкерлерин Украниадагыдай, Грузиядагыдай жагдайды түзө турган акцияларга катышпоого, маданиятка таандык жайларды ар кыл жыйындар үчүн арендага бербөөгө чакырды. Мындай сунуш маданият тармагынын жетекчилигине комиссиянын жылдык жыйынында айтылды. Бул жыйынга вице-премьер министр Токтобүбү Айтикеева катышты. Белгилеп койчу жагы учурда маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын карамагында 1035 китепкана, балдардын музыкалык 72 мектеби, 45 музей, 20 театр, 3 филармония, 3 жогорку жана 8 атайын орто окуу жайлары бар.

XS
SM
MD
LG