Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

ПРЕЗИДЕНТ МАХМУД АББАС МАКСАТЫН ИШКЕ АШЫРАБЫ?


Амирбек Усманов, Бишкек. Бир нече күндөн бери Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас “Хамас”, “Ислам Жихады” жана башка куралдуу топтордун жектекчилиги менен Израилге каршы чабуулдарды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Байкоочулар диалогдун оң жыйынтыгы - Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра улантуу үчүн абдан маанилүү экенин белгилешүүдө. Израилдин өкмөт төрагасы Ариел Шарон чабуул токтотулбаса, жөөт армиясы согушчандарды тыйуу үчүн айосуз чабуул жасоого даяр экенин эскертти.

Палестин боштондук кыймылын узак жылдар жетектеген маркум Ясир Арафаттын кайраты жетпеген иштерди анын ордуна эл шайлаган Махмуд Аббас бүткөрчүдөй болуп турат. “Хамас”, “Ислам Жихады” жана башка топтордун жетекчилиги менен сүйлөшүү үчүн өткөн аптада өз кеңсесин Батыш Иордандан Газа шаарына көчүргөн Аббас жекшемби күнү билдиргенге караганда:

–Береги топтор менен жүрүп жаткан сүйлөшүүгө анын ар бир катышуусу жоопкерчилик менен мамиле кылып, алар азыркыдай кырдаалды жөндөө жана Израилге каршы чабуулдарды токтотуу зарылдыгын терең түшүнүшкөнүн белгилеп айтуум парз. Ушул өңүттөн алганда, диалог үзүрлүү жүрүүдө. Ошондуктан, жакын арада келишимге жетебиз деп айта алам.

Диалог башталгандан бир апта мурда палестин согушчандары алты жөөттү өлтүрүп кеткенге байланыштуу Израил өкмөтү Палестин бийликтери менен болгон бардык байланышты токтотуп койгон болчу.
Израил ар кандай ок атышуулардын токтотулушун оң көрүнүш катары колдоорун үзбөй айтып келет. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Марк Регев:

- Палестин бийлиги террорчулардын кол салууларын жана ракета чабуулдарын токтотуу үчүн бекем саясатты кармаса, алар 100 процент ийгиликке жетишпесе да, биз баарыбыз алардын олуттуу, туруктуу жана иштиктүү аракетинин натыйжасын көрөбүз. Ошондон кийин, эртеби-кечпи Израилдин премьер-министри Ариель Шарон менен Палестин президенти Махмуд Аббастын кездешүсү болгонун көрөбүз.

Израилдин премьер-министринин орун басары Шимон Перес палестин лидеринин согушчул топтор менен жылбай отуруп сүйлөшкөнүнө жогорку баасын берди:

-Махмуд Аббас айткан сөзүн аткарган, алдына олуттуу максат койгон жана анын үстүнөн тынбай иштеген адам катары өзүн көрсөттү. Абалдын мындай өнүгүүсү абдан маанилүү. Бул палестиндер менен израилдиктер арасындагы байланыш технологиялык эмес, саясый мүнөзгө ээ экенин ырастайт. Бул куралчандар арасындагы эмес, элдер арасында мамиле.

Палестин лидери -Израил кызматташууну токтоткондон соң -жөөт конуштарына кол салууларды болтурбоо максатында Газанын түндүк бөлүгүнө коопсуздук күчтөрүн жайгаштыргандан бери согушчандардын чабуулдары азайып калды. Аббастын кадамын Израил жетекчилиги колдоду. Демейде жөөт конуштарына жасалган чабуулдардан кийин Израил армиясы согушчуларга каршы ири масштбадагы операция өткөрөт.

Байкоочулар палестиндердин куралдуу топтору урушту токтотууга оңой менен макул келбейт дешет. Нидерландиянын эл аралык байланыштар институтунун талдоочусу Алфред Пиперстин айтышынча:

- Биз мурда да көп ирет ок атышпоо жөнүндөгү шерттешүү эки же үч жума аткарылып, андан кийин ойрон болгонун көргөнбүз. Согушчулар кайрадан беш-алты жума өткөрүп,колуна курал алышса, Израил жооп кайтарат жана баары баштапкы абалына түшөт.

Нидерландиялык эксперт тынчтыкка жетүүгө Батыш Иордандагы жөөт конуштары жолтоо болот деген пикирде.

Израил өкмөт башчысы Ариель Шарондун улук кеңешчиси Залман Шовал да азыркы муун бийликте турганда Израил-Палестин ортосунда тынчтык келишими түзүлбөйт деп санайт.

Бирок, Махмуд Аббастын сөзүнө караганда, ал Израил менен “убактылуу макулдашууга эмес”, тынчтык келишимин түзүүнү каалайт.
XS
SM
MD
LG