Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

СПИД КЫРГЫЗСТАНДА ЖАШАРЫП БАРАТАТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек. Кыргызстанда жыл сайын ВИЧ- инфекциясына кабылган 20-25 адам катталат. Бул азезил дартка кабылгандардын эң жашы быйыл он төрт жашка чыгыптыр. ВИЧ инфекциясын алып жүргөн 655 адамдын жарымы Ош дубанында жашайт.

Нарын жана Талас дубандарында ВИЧ инфекциясын алып жүргөн бир да адам каттала элек. Бирок, адистердин айтымында, бул аталган дубандарда дартка кабылгандар жок дегенди билдирбейт. СПИДге каршы республикалык борбордун дарыгери Лерон Сайдашевдин айтымында, СПИДге кабылган 5 миллион адам бар Кытайга жакын Нарын дубанында бул илдетке кабылгандар бар болушу толук мүмкүн.
«Глобалдык кордун» кызматкери Талгат Субанбаевдин айтымында, дүйнөлүк тажрыйба боюнча СПИДден каза тапкан 10 адамдын бирөө гана дал ушул дарттын айынан өмүрү кыркылганын билет, калганында болсо өлүмдүн себеби табышмак бойдон калат.
Учурда Кыргызстанда 655 адам ВИЧ инфекциясын алып жүрөт. Алардын эң кичүүсү он төрт жаштагы кыз. СИПДге каршы Бишкек шаардык борбордун жетекчиси Искендер Шаяхметовдун айтымында, кечээ бул ооруга кабылган эне төрөдү. Азыр Бишкекте дарыгерлер мындай энеден төрөлгөн он наристени багып жатышат.
Жыл сайын бул коркунучтуу дарт менен 20- 25 жаңы адам катталат. Кыргызстан үчүн бул абдан көптүк кылат. Коңшу Казакстанда 4 миң, Өзбекстанда 4 жарым миң адам бар деген ырасмий маалымат айтылып жүрөт. Адистердин болжолунда айрыкча Өзбекстанда мындан бир кыйла көп болушу толук мүмкүн.
«Глобалдык кордун» кызматкери Талгат Субанбаевдин айтымында, жакында секс- индустриясында иштеген 150 кыз текшергенде үчөөндө СПИД аныкталып отурат. Адистердин айтымында, мыйзам боюнча бул дартка текшерил деп кыйнаганга эч кимдин акысы жок.
- Алар өз эрки менен, билесиңер да бизде мыйзам тест өткөнгө мажбурлабайт. Биз сунуш кылабыз. Каалоочулар текшерүүдөн өтөт, - дейт СПИД республикалык борборунун дарыгери Лореш Сайдашов.
Адистер башкалаадагы бир коркунучтуу жагдайды баса белгилешет. Жалпы республика боюнча бул дарт көбүнчө ийне аркылуу жугат. Ал эми Бишкекте ооругандардын 35 пайызы жыныстык катнаш аркылуу жугузганы айкын болду. Адистер муну коркунучтуу белги катары коңгуроо кагып жатышат. Бишкек шаардык борбордун жетекчиси Искендер Шаяхметов башкалаада кырдаалдын курчушунун айрым себептерин белгиледи:
-Бишкек шаарында ички миграция күчөгөнү, Өзбекстан жана Тажикистандан секс индустриясында иштегендердин келиши кырдаалды курчутуп, буга узак сапардагы айдоочулардын салымы кошулуп атат,- дейт Шаяхметов мырза.
Адистердин айтымында, ВИЧ инфекциясына кабылгандардын 56 пайызын 27 жашка чейинки жаштар түзөт.

XS
SM
MD
LG