Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Сирия президентинин Орусиядагы иш сапары учурунда ракета сатып алуу маселеси талкууланбайт


Сириянын президенти Башар Асад бул тууралуу "Известия" гезитинде жарыяланган маегинде айткан. Ал Москвага иш сапары менен дүйшөмбүнүн кечинде келди. Мунун алдында Израил жана бир катар эл аралык маалымат каражаттары Орусия Сирияга ракета сатууну пландап жатканын кабарлашкан болчу. Израил Орусиядан Сирия менен мындай макулдашууга барбоону өтүнгөн.
Орусия Сирияга ракета сатаары жөнүндөгү маалыматтарды орус коргоо министри Сергей Иванов да төгүндөдү. Сирия президенти Башар Ассаддын айтымында, ал Москвада Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруунун жолдорун талкуулайт.

Орусиянын маалымат каражаттары билдиргенине караганда, Дамаск совет доорунан калган 13 миллиард доллардык карызды Москванын кечүүсүнө жетишүүгө аракеттенип жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG