Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Иракта Абу Мусаб ал – Заркавинин эки жардамчысы кармалды


Бул тууралуу өкмөттүн бүгүнкү билдирүүсүндө маалымдалган. Анда айтылгандай, кармалгандардын бири Абу Омар ал - Курди 32 кол салуу, анын ичинде 2003 –жылдын август айында БУУнун Багдаддагы кеңсесинин жардырылышы үчүн жоопкер. Андагы жардыруудан БУУнун өкүлү Сергио Виера де Мелло баш болгон 20дан ашуун адам каза тапкан. Кармалган экинчи адам Хамад Мохсен ал –Дулейми ал –Заркавинин тобунда пропаганда тармагын тейлеген деп эсептелет.

Мунун аралыгында Багдадда Ирактын премьер- министри Ияд Аллавинин партиясына караштуу кеңселердин жанында болгон бүгүнкү жарылуу үчүн да Абу-Мусаб ал-Заркавинин тобу жопкер болду. Мындай билдирүү Интернет аркылуу таратылды. Жанкечти айдаган автоунаанын жардырылуусунан он адам, анын ичинде сегиз полицей жаракат алган.

Эл аралык миграция уюмунун бүгүнкү жарыясына караганда, чет өлкөлөрдө жашайт деп эсептелген бир миллион ирактык шайлоочунун 23-январга карата каттоодон өткөндөрүнүн саны 25%дан аз. Аталган уюму чет өлкөлөрдөгү ирактыктардын 30 –январга белгиленген шайлого катышуусун уюштуруу менен алектенүүдө. Ал 14 өлкөдө жашаган ирактыктарды каттоонун мөөнөтүн шейшембиге чейин узартты.

XS
SM
MD
LG