Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

МУНАЙ КОРУ АЗАЙДЫБЫ ЖЕ ӨНДҮРҮШ КЫСКАРДЫБЫ?


Амирбек Усманов, Прага. Өткөн жылдын күз айларында бир баррель кара майдын наркы 50 АКШ долларына чейин көтөрүлүп, мунай базарын жана анын ири керектөөчүлөрүнүн түн уйкусун бузду. Ошондо отун-энергия рыногундагы жагдайды изилдеген адис-эксперттер мунай өндүрүү барар чегине жеткенин, бара-бара кара майдын кору азайып, өндүрүш кыскара баштайт деген божомол-прогноздорун айтышты. Ырасында эле, мунайдын кору тездик менен азайып баратабы?

Мунай отун-энергиясына болгон дүйнөлүк керектөөнүн 40 процентин канааттандырат. Унаанын бардык түрлөрүнүн 90 проценти да мунайды керектейт.
Жер семирткич, желим-пластика, резина жана металл буюмдар, видео-аудио, учма техниканын бардык түрлөрүн жасоодо сөзсүз мунай пайдаланылат.
Мунай болбосо тиричилик үчүн зарыл бул заттардын өндүрүшү кескин өзгөрөөрү шексиз.

Былтыр октябрда Нью-Йорк биржасында 1 баррель ( 139 литр) кара майдын баасы 50 АКШ долларына серпип чыккандан кийин эксперттердин бир тобу мунайдын кору азайып баратат деген божомолун айтышты. Алардын чочулоосун Мунай жана газ өндүүнүн чокусун изилдөө кыймылы колдоп чыкты. Уюмдун төрагасы, Швециянын Упсала университетинин профессору Кжел Алеклеттин боолгошунча:

- Келерки 30 жылда биз 150, балким 200, жок, анча болбогондо да,
150 миллиард баррел мунай табабыз. Ушунча мунай изделмек болууда. Ал аралыкта биз 1 миллиард баррель мунай керектейбиз. Бул азыр биз тереңде жаткан корго жетүү үчүн кыртышты бургулоодобуз дегенди билдирет.


Алеклетт жана башка эксперттер менен геологдор мунайдын кору өнөр жайы болжогондон бир кыйла аз деп санашат. Алардын эсеби боюнча, бүгүнгө чейин чалгындалган бардык 900 миллиард баррель кара майдын жарымы иштетилип бүткөн.

Мунайдын корунун жарымы иштелип бүткөн орто чекти өндүрүшчүлөр “чоку” деп аташат. Бу чоку “багындырылгандан” кийин кара майды керектөө өндүрүшкө көз каранды болуп калат. Айрым талдоочулар мына ошондо мунай согушу чыгышы мүмкүн деп кооптонушат. Бирок, эксперттердин жоон тобу тээ 1859-жылы Пенсилльванияда биринчи жолу сатыкка мунай өндүрүлүлө баштаганда, анын кору узакка түтпөйт деген түкшүмөлдөр болгонун айтышат. Алардын кебине караганда, талап өссө, Иракта, Россияда, Каспий деңизинде мунай өндүрүү дагы көбөйтүлөт. Андан барып гана Канаданын тоң баскан кендерин өздөштүрүү башталат.

Майкл Линч аттуу эксперт Мунай кору азайууда деген көз карашты жактаган мектептин көрүнүктүү өкүлү, таанымал геолог Колин Кампбел мунайдын корун жаңылыш эсептеген деп санайт:

- 15 жылдан бери мунайдын корунун жарымы иштелип бүткөнүн айтып жүргөн адамдар бар. Колин Кампбел 1989-жылы, анан 95, акыркы ирет 97-жылы ушундай прогнозун айткан. Мен кара май өндүрүү көбөйө турганын 80-жылдардын аягында бул маселени изилдей баштаганымда эле айтканмын. Менин оюмча, келерки 30 жылда керектөөчүлөр каалабаса, кордун чокусун көрбөйсүздөр.

Учурда керектелген алты барррель мунайга геологдор табышкан бир баррель мунай туура келет. Эң жемиштүү 1964-жылы мунай кендери өтө көп талса, 2000-жылы 13, 2001-жылы алты, 2002-жылы болгону эки кен табылса, 2003-жылы бир да кен табылган эмес.

Ушундан улам килейген өндүрүшчүлөр азыр иштелип жаткан кендерди кеңейтүүгө 1998-жылы 35 миллиард доллар сарптаса, 2003-жылы 50 миллиард доллар жумшаган. Ошол эле мезгилде жаңы кендерди чалгындоого бөлүнгөн акча 11 миллиард доллардан төрттөн бирге жакын азайып,8 миллиард долларга түшкөн.
XS
SM
MD
LG