Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

АРА ЖОЛДОГУ КЫРГЫЗСТАН АКЫЛ ИЗДӨӨДӨ


Бекташ Шамшиев, Бишкек. Президент А.Акаев соңку кездери Орусияга тез-тез каттай баштады. Мамлекет жетекчилери жалаң эле экономикалык алака-катыштарды жакшыртуу тууралуу пикир алышпастан парламент шайлоо, бийликтин тынч алмаштыруу маселесин талкууга алары турган иш.

Грузия менен Украинадагы бийлик алмашуусунан кийин сары-кызыл ыңкылаптарды постсоветтик Борбор Азия республикаларына жайылтпоо, дегеле ыкчам демократиялаштыруу бу чөлкөмгө ылайык келбестиги тууралуу арбын айтыла баштады. Маселен, Өзбекстандын Тышкы иштер министри Сафик Сафаев орусиялык «Независима газетасы» аркылуу алдагыдай пикирин билдирди. Анын айтымында, радикал демократиялаштыруу бу чөлкөмдөгү калктардын турмуш ыңгайына коошпойт экен.

Сары-кызыл ыңкылаптар Грузия менен Украинага жарытылуу жаңылык алып келбегенин Кыргызстан президенти кийинки кездери такай айтууга өттү. Атүгүл бул иштин артында эларалык уюмдар, бийликти кантип алмаштыруунун жолун мыкты билген кексе саясий билермандар турганын президент А.Акаев кийинки облус кыдырууларында билдирип келди.

Антип мамлекет башчынын боло элек иштин болжолуна өзгөчө маани беришине биралдын орусиялык маалымдоо каражаттарынын ыңкылап кезеги Кыргызстанга жетти деп жар салып жатышы, ал аз келгенсип Бишкектеги пикетчилердин сары-кызыл жагоо тагынып экс-элчилердин таламын талашып чыгышы себеп болду көрүнөт.

Президент А.Акаев өткөн жылдын ноябрь айындагы Орусияга иш сапарын Петербург шаарындагы салтанаттарга байланыштырса, бул ирет ал Москва мамлекеттик университетинин 250 жылдыгын салтанаттуу белгилөө сыяпатына катышарын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Президент А.Акаев Орусиянын мамлекет башчысы В.Путин менен негизинен эки тараптуу кызматташтык, курал-жарак сатып алуу, Шанхай кызматташуу уюмунун таасирин күчөтүү жайында сүйлөшкөнүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Анткен менен президент А.Акаевдин Орусияга иш сапарынын арбып баратышы парламент шайлоого, бийликтин тынч алмашуусуна байланыштуу экени айрым маалымдоо каражаттарында белгиленүүдө.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйын төрага орунбасары Кубатбек Байболовдун ырасташынча, Кыргызстан менен Орусиянын мамиле-катышын жакшыртуу аракетин колдоо гана керек.

- Акыркы убакта биздин саясаттын Орсуия тарапка көбүрөөк ыктай баштаганын баарыбыз эле көрүп турбайбызбы. Менимче, бул туура саясат. Бирок, биз башынан эле ушул Орусияга ыктап жүргөнүбүздө анын эрен-төрөнү билинбейт эле.

Кийинки кездери президенттин Орусияга көп катташынын дагы бир себеби, менин оюмча, биздин жакынкы тарыхыбыз кандайча болуп чечилет, деген маселенин тегерегинде да сөз жүрүп атса керек.

Биз бардык тараптар менен бирдей, бир кылка мамиледе болуп турганыбыз эле дурус болмок. «Орусиянын эмчегин эле эмебиз», деп бирбеткей мамиле кылсак, Орусиядан «сүт» чыкпай калышы мүмкүн,-
дейт Кубатбек Байболов.

Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рүстөмбеков Орусия Кыргызстандын эң жакын өнөктөшү, андыктан аны менен саясий-экономикалык карым-катышты күчөтүү зарыл. Бул Орусияда иштеп жүргөн жарым миллионго жакын улутташтарыбыздын кызыкчылыгына да төп келет, деген пикирде.

- Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Ошондуктан Аскар Акаевичти чакырышкан болуу керек. Бизде Парламенттер аралык комиссия бар. Ошол комиссияга мүчө орусиялык депутаттарды чакырып, эмгек миграциясы деп атпайбызбы, ошол балдарга жеңилирээк шарт түзүп берсеңер, алар документтерин каттоодон өткөргөнгө жеңил болсун дегенбиз.

Анан карап көрсөк эмгек миграциясына тиешелүү документтерди өкмөт даярдабай коюптур, өкмөт күнөөлүү экен.


Белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахманов өткөөл мезгил тушунда кыргыздар улут катары туура жолду тандап алышы керек, дейт.

- Кийинки кездери биз бу Батыштан Орусия тарапты карай ооп жатабыз. КМШ өлкөлөрү социализмден демократияга өтчү көпүрөдө турушат дагы эле. Баары ошонун үстүндө туруп алышкан, же нары кетишпейт, же бери келишпейт. Ошондон бул мамлекеттерде өнүгүү жок болуп жатат.

Ал эми Балтика боюндагы өлкөлөрду, Чыгыш Европа өлкөлөрүн караңыз. Көпүрөдөн секирип өтүп тырмышып эле ошол жакка кетип атышат. Алар чыныгы демократияга, чыныгы базар-нарк мамилесине жеткен мамлекеттер.

Биздин оюбузча, Орусия ошол көпүрөдөн тез өтүп кете турган, биздин мамлекеттерге жол баштаган эркеч болуш керек эле. Бирок, боло алган жок. Ошол мамлекеттердин ичинде кээ бирөө нары жакка секирип качып атышат. Ошонун бири мына кечээ күнкү Украина, Грузия. А биз дагыле ошол көпүрөнүн үстүндө кучакташып турабыз.


Акыйкатта да, Кыргызстан ушу тапта айрылыш жолдо турат. Өкмөттүк маалымдоо каражаттары жабыла сынга ала баштаган Батыштын демократиялык баалуулуктарына багыт алабы же көнгөн адатына түшүп «улуу агасынын» этегин кармайбы, аны алдыдагы эки шайлоонун жыйынтыгы көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG