Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУК ОСВЕНЦИМДИН БОШОТУЛУШУНУН ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛӨӨДӨ


Кечээ (дүйшөмбү күнү) Бириккен Улуттар Уюмунун Жалпы жыйынынын атайын отуруму өткөрүлүп, анда нацисттик Германиянын өлүм лагерлеринде набыт болгон миллиондогон бейкүнөө кишилер эскерилди. Польшадагы айтылуу Освенцим концлагеринин бошотулушунун 60 жылдык мааракесине арналган бул жыйында чыгып сүйлөп, БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан дүйнөлүк коомчулук адамзаттын бир бөлүгүн кыргынга учуратуу идеясына жетеленген мыкаачылык идеологияга жол бербөө үчүн азыркы тапта да сак турушу керектигин эскертти. Жыйынга нацисттик антисемиттик машинанын азабын тарткандардын бири Эли Визел да катышты.

Советтик аскерлер Аушвицти – Польшанын Освенцим жергесиндеги концлагерди - бошотуп алган учурдун алтымыш жылдыгы дүйнө коомчулугу тарабынан кеңири белгиленип жаткан тапта, Бириккен Улуттар Уюму тири шумдуктуу тукум курут саясатына жол бербөө зарылчылыгы азыр да күн тартибинде экенин эскертти.

Бириккен Улуттар Уюмунун өзү да Освенцимде өрттөлгөн бейкүнөө адамдардын күлүнөн жаралган эл аралык ынтымак экенин белгилеп, БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан азыркы учурда Судандын Дарфур аймагында он миңдеген кишилер жазыксыз набыт болгонун, эл аралык коомчулук мындай окуяларды болтурбоо үчүн мындан ары да чечкиндүү чаралар көрүшү зарыл экенин айтты:

- Биз «мындай окуя эч кайталанбасын» деп туура айтып келебиз, бирок иш-аракетке өтүү алда-канча оор болууда. Холокост кезеңинен бери дүйнө жүзү бул сыяктуу тукум курут саясатына чек койо албай, бир нече жолу уятка калды. Маселен, Камбожада, Руандада жана мурдагы Югославияда ушундай кейиштүү окуялар болду.

Адатта БУУнун Жалпы жыйынынын атайын чакырылган отуруму өтчү зал толуп калчу, бирок бул жолу ал жарым-жартылай да толгон жок. Жакынкы Чыгыштан Израилден башка Иорданиянын гана өкүлү отурумда сүйлөө үчүн жазылды.

Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом Жакынкы Чыгышта жөөттөргө каршы антисемиттик чабуул кайра жанданып жатат деген санааркоосу менен бөлүштү. Ал эми АКШнын коргоо катчысынын орун басары Пол Волфовиц болсо нацисттик өлүм лагерин куруу сыяктуу жапайы ыкмаларга туш келген чакта дүйнө коомчулугу мындай зулумдукка каршы чечкиндүү иш-аракетке өтүүгө тийиш деген турумун баса белгиледи.

Холокосттун ажал тегирменинен аман калгандардын бири Эли Визел (Elie Wiesel) азыркы цивилизациянын бийиктигине жеткен элдердин бири – немис улуту - алты миллиондой жөөттөр набыт болгон концлагерлерди курууга жол койгонунун өзү эле акылга сыйгыс окуя болгонун каңырыгы түтөй айтты:

- Бул суроо дагы эле ачык бойдон калып келет: дал ошол каратүн түшүргөн жылдары ушунчалык акылдуу жана өз ишине мыкты берилген ушунчалык көп сандаган коомдук кызматкерлердин дал ушундай мыкаачылык ыкмаларды ойлоп табуусуна эмнелер түрткү болду экен?

Визел мырза Освенцим концлагеринин кордуктарын көрүп, аман калган азганактай кишилердин бири. Теги румыниялык бул жөөт жазуучусу 1986-жылы Нобел Тынчтык сыйлыгына татыган. Гуманизмге чакырган анын чыгармалары азыр да өз актуалдуулугун жоготкон жок.

Польшанын түштүгүндөгү Освенцим жергесиндеги мурдагы нацисттик концлагердин туткундарынын боштондукка чыгарылышынын алтымыш жылдыгы эл аралык коомчулук тарабынан үстүбүздөгү аптанын бейшемби күнү (27-январда) Освенцимдин өзүндө да белгиленмекчи.

XS
SM
MD
LG