Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

ЖЕЙМС ШАРП: «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЙЛИКТИН ТЫНЧТЫК ЖОЛУ МЕНЕН АЛМАШУУСУ БҮТКҮЛ БОРБОР АЗИЯ АЙМАГЫНА ҮЛГҮ БОЛОТ»


Замира Кожобаева, Бишкек. 25-январда Бишкекте Улуу Британиянын Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчиси Жеймс Шарптын катышуусунда маалымат жыйыны болуп өттү. Элчи мырзанын айтымында, ал Кыргызстанга бул жолу жакындап келе жаткан шайлоого байланыштуу жана ошондой эле Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүүсү, эки мамлекеттин ортосундагы карым-катышты жакшыртуу маселелери боюнча келген. Маалымат жыйынында шайлоо, мурунку элчилердин шайлануу укугунан ажыратылышы, бармакка белги коюу тууралуу да сөз болду.

Маалымат жыйынында айтылгандай, Улуу Британиянын элчилиги тарабынан Кыргызстанга, адилет шайлоолорду өткөрүүгө багытталган долбоорлор аркылуу 92 000 доллар берилген. Анын ичинде 2000 ден ашуун жергиликтүү, көз карандысыз байкоочуларды даярдоо, шайлоочуларды окутуу жана шайлоо жүрүп жаткан учурда шайлоонун жүрүшүнө көз салууну уюштуруу сыяктуу долбоорлор бар. Жеймс Шарп Кыргызстанда өтүүчү парламенттик шайлоолор адилет өтөөрүнө жана күзүндө болуучу президенттик шайлоодо бийлик тынч жол менен алмашарына үмүттөнөрүн билдирди:

-Биз Кыргызстан шайлоолорду адилет өткөрүү менен жана күзүндө бийликти тынч жол менен алмаштырып, Борбор Азия өлкөлөрүнө дагы бир жолу үлгү боло алат деп үмүттөнөбүз.

Жеймс Шарптын Кыргызстанга келгендигинин дагы бир себеби: Кыргызстандын экономикалык жатктан өнүгүүсүнө байланыштуу. Ал Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен сырттан чоң өлчөмдө көп жардам алган өлкө экендигин белгилеп, Улуу Британия Париж клубу менен Кыргызстандын карызын азайтуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө тургандыгын да билдирди. Ошондой эле Кыргызстанга Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлигинен да жардамдар грант катары берилүүдө. Аталган министрликтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жейсон Лейндин айтуусунда, учурда грант катары берилген каражат жылына 7 миллион АКШ долларына айланууда. Бул сумма мындан ары гранттын максаттуу жумшалуусуна ылайык эки эсеге чейин көбөйүүсү мүмкүн:

-Бул каражаттар Кыргызстандын индустриясын өнүктүрүүгө багытталган. Анын ичинде саламаттыкты сактоо системасын реформалоо, СПИД оорусунун алдын алуу, айыл чарбасын, суу ресурсун жана башка тармактарды өнүктүрүүгө арналган долбоорлор бар.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө элчи мырза шайлоонун адилет өтүүсүн камсыздоо, бармакка белги коюу, эл аралык уюмдардын шайлоого тиешеси тууралуу суроолорго жооп берди. Анын айтымында Улуу Британиядан шайлоонун адилет өтүүсүн камсыздоого берилген каражаттар президент Акаевдин буга чейин Кыргызстанда адилет шайлоо өткөрүүнүн зарылдыгы тууралуу айткан сөзүнө колдоо иретинде берилип жатат:

-Президент баштаган кыргыз өкмөтү ЕККУ менен биргеликте шайлоону адилет өтүүсүн камсыздай тургандыгын билдирген, -дейт элчи мырза, -Ошондуктан биз ЕККУ нун стандартына ылайык шайлоонун канчалык деңгээлде демократиялуу түрдө өтөөрүнө байкоо жүргүзөбүз.

Журналисттер кыргыз бийлиги тарабынан айрым эл аралык уюмдар түрдүү түстөгү төңкөрүштөрдү алып келүүчү күч катары айыпталып жаткандыгы тууралуу анын оюн сурашты. Ага Жеймс Шарп төмөнкүдөй жооп берди:

-Кыргызстан ЕККУ га мүчө болуп киргенде өзүнө бир топ милдеттерди алган. Ошондуктан биз дагы өзүбүздү ЕККУ дагы башка өлкөлөр сыяктуу эле бийликке ошол милдеттенмелерди толук түрдө сактоого жардам берүүчү тарап катары санайбыз. Ал эми демократиянын болгону ар бир эл үчүн жакшы.

Жеймс Шарп шайлоо учурунда бармакка белги коюу шарты адам укугун тебелөөгө жатпай тургандыгын, эгер бул шайлоонун адилет өтүүсүн камсыздай алса, аны толук колдой тургандыгын да айтты. Элчи мырзага Кыргызстанда мурунку элчилерди шайланууга катыштырбоо тууралуу болгон аракеттерге болгон көз карашы тууралуу суроо берилгенде, ал:

-Менин оюмча бул ар бир элдин өзүнүн каалоосуна байланыштуу болот, -деп жооп берди Жеймс Шарп, -Бирок талапкер Кыргызстанда үзгүлтүксүз жашашы керек деген эрежени кармап, дүйнө жүзүндө Кыргызстан катуу эрежелердин бири менен иштеп жатат. Бирок элчи катары айта кетерим, парламентке мурунку элчилер келсе, мындан мамлекет утат эле. Кыргызстан сыяктуу өлкөгө парламентинде чет мамлекеттер менен мамиле түзүүдө тажрыйбалуу адамдар болсо жакшы эле болмок.

XS
SM
MD
LG