Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

ОСВЕНЦИМ, КАМПУЧИЯ, РУАНДА, БАЛКАН... ЭЛДЕРДИ ТУКУМ КУРУТ КЫЛЫП КЫРУУ


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Освенцим өлүм лагеринин бошотулушунун 60 жылдыгы белгиленип жаткандан пайдаланып, Улуттар Уюмунун барандуу мүчөлөрү геноциддин кайталануусуна жер бербөөгө чакырышты. Бирок алар чоң сыноонун алдында турушат. Шейшемби күнү Судандын Дарфур чөлкөмүндөгү абалды изилдеген комиссиянын доклады жарыяланып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү калабага өз баасын бериши абзел. БУУнун эксперттери чөлкөмдө эки жылга чукул убакыттан бери зобунчулук өкүм сүрүп, адамдардын укугу айоосуз бузулуп жатканын мурда эле эл аралык коомчукка эскерткен.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын Освенцимди бошотуунун 60 жылдыгына арналган сессиясынын катышчуулары геноциддин кайталанбоосун кайра-кайра айтышып, өткөн 20-кылымдын акыркы чейрегинде Кампучияда, Руандада жана Балканда кызыл кыргынга жол берилгенин өкүнө белгилешти.

БУУнун Башкатчысы Кофи Аннан Судандын батышындагы Дарфур чөлкөмүндө жүрүп жаткан гуманитардык кризиске токтолуп, Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүн чечкиндүү чара көрүүгө даяр турууга чакырды:

- Бул доклад Дарфурда элдерди тукум курут кылып кыруу болуп-болбогонун аныкташ керек. Ал дагы бир өтө маанилүү маселеге көңүл бурдуруп, эл аралык гуманитардык мыйзам жана адам укуктары чексиз көп бузулганын айкындайт. Андай чеки иштер болгону шексиз.

Мырза Аннан эскерткендей, Дарфурдагы абалды изилдеген атайын комиссиянын иликтөөсү шейшемби күнү жарыяланыш керек. Изилдөөнүн негизинде Коопсуздук Кеңеши Судандын батыш провинциясында болгон окуяларга тийиштүү баасын бериши зарыл болот.

Табигый байлыктарды талап тоноого нааразы болгон эки адаватчы топ эки жыл мурда өкмөттүк күчтөргө каршы көтөрүлгөндөн бери Дарфур чөлкөмү тополоңдун кучагында. “Жанжавиддер” деп аталган араб согушчулары эки жылдан бери кылычын жалаңдатып, миңдеген адамдарды кырды. 2 миллионго жакын адам башка жактарга аргасыздан ооп кетти.

Судан бийликтери жанжавиддерге байланышы бар экенин танууда. Бирок, аларды ырасмий Хартум куралдандырганын ырастаган көптөгөн маалыматтар бар.

Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү алиге Дарфурдагы зобундукту токтотуу, анын күнөөкөрлөрүн Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүп берүү боюнча эки жаатка бөлүнүп, бир корутундуга келе албай жатат.

Франциянын тышкы иштер министри Мишел Бернер шейшемби күнү БУУнун башкеңсесинде кабарчыларга Дарфурда “өтө аянычтуу” окуялар болгонун, бирок абал Судан өкмөтүсүз жөндөлбөсүн билдирди:

- Бул катаал жагдай Судансыз же Судандын эркине каршы жөндөлбөсүнөн мен күмөн санабайм. Улуттар Уюмунун, ошондой эле Африка Уюмунун арачылыгынын максаты кырдаалды жөндөөгө багытталган.

Освенцимди бошотууга арналган Улуттар Уюмундагы жыйында Дарфур кризисине Кофи Аннандан башка саналуу гана ораторлор назар бурушту. Бирок, Армениянын тышкы иштер министри Вартан Осканян эл аралык коомчулукту Дарфурдагы кан төгүүгө жооптуу тараптар бар экенин эстен чыгарбоого үндөдү:

- Адамдардын каны төгүлгөнүнө ынанып макул болуу - кылмышкерлер бар экенин моюнга алуу да болот. Бул лекин алардын атын атоо, маскара кылуу, ынандыруу, элден бөлүү жана жоопко тартуу дегенди билдирбейт.

Осканяндын айтышынча, ал өзү жана ата журту Армения геноцидден, ошондой эле эл аралык көңүл коштуктан катуу азап чегишкен.

Армениянын ырасташынча, 1915-23-жылдары Осмон түрктөрү 1, 5 миллионго жакын армяндарды кырып салган. Түркия, Осмон империясын акыркы жылдары армяндарга каршы тамыр курут саясаты жүргүзүлбөгөнүн айтып, мындай айыптоого макул эместигин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG