Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:54

А.АКАЕВ ОРУСИЯГА БАРДЫ, МОСКВА «ЭЭРЧИМЕ ДЕМОКРАТИЯНЫ» ЖАКТЫРАТ ДЕГЕН КЕП БАР


Бекташ Шамшиев, Бишкек. Кыргыз гезиттеринде президент А.Акаевдин Орусияга иш сапары кенен кесир чагылдырылды. Бишкекте бийлик каршылаштарынын соттоо башталды. Украина президенти Виктор Ющенконун жаңы кызматка кирүү жөрөлгө-салтанатына Кыргызстандан расмий өкүл катышкан жок. Кыргызстан эмитен эле кызыл-сары ыңкылаптардан чочулап жатат..

Пикетке чыккандарды соттоо башталганын шейшембидеги «МСН» гезити кабарлады. Конституция өлкө атуулдары тынч чогулуш өткөрүп, жөө жүрүш уюштурууга, нааразылыгын ачык билдиришке укуктуу экенин ырастайт.

Бирок да тынч жыйын өткөрүү, пикетке чыгуу, жөө жүрүш уюштурууну жөнгө салчу мыйзам конституциялык жобону теңирден тескери чечмелеп койгон, деп белгилейт Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу «Атуулдардын саясий эркиндиги тууралуу» деген баяндамасында.

Ушул аптанын башынан тарта оппозиция жетекчилерин соттоо башталды, деп белгилейт гезит автору Замир Өсөров. Башкалаанын айрым атуулдары аларга коомдук тартипти бузду, деген кине коюп сотко кайрылышкан. Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Виктор Черноморец бул бийликтин чектен тыш аракети деп эсептейт. Тынч көчө жүрүшүнө катышкандар эч кимге жолтоо, жол кыймылына тосколдук кылышпаса деле аларды айыптап жатышат, дейт В.Черноморец.

Гезитте «Оппозиция Аскар Акаевди Москвага айдады», «Ушундай болот», «КМШ өлкөлөрүндөгү демократия» деген чет элдик маалымдоо каражаттарынан көчүрүлүп басылган материалдарга орун берилген.

Коммунисттик башкаруучулар капчыктуулардын тобу менен биригип алып постсоветтик республикаларда бийликти өз колдоруна топтоп алышкан. Алар Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө болуп өтүп аткандагы убадаларынан танып шайлоо, референдумдарды жеке бийлигин чыңдоого пайдаланып жатышат.

Орусия постсоветтик өлкөлөрдөгү «жаңы өкүмзорлорду» көкүтүп, аларды Батыш өлкөлөрүнө каршы турууга тукурууда. Быкшыган системаны биринчилерден болуп Грузия жарып чыкты. Анын жолоюн Украина жолдоду. Бирок бул аракеттер КМШнын башка мамлекеттеринде колдоо таппай катуу сынга туш келүүдө, деп белгилейт «Вашингтон таймс» гезити.

Орусиялык «Время новостей» гезити Украинадагы президент Виктор Ющенконун жаңы кызматка киришүү жөрөлгө салтанатына Кыргызстандан бир да расмий өкүл катышпаганын белгилейт. «Кыргыз президентинин өз өкүлүн Киевге жөнөтпөгөнүнө таң калбай деле койсо болот. Кийинки кездери ал Украинадагы «сары ыңкылапты» катыра сындоо менен алектенип келатпайбы», дейт гезит кабарчылары Светлана Степаненко менен Аркадий Дубнов.

«Шайлоону акыйкат өткөрүүгө шарт бар, бирок четтик айрым уюмдар кырдаалды курчутууда», деп маалымдайт Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев. Анын ушундай аталыштагы макаласы шейшембидеги «Эркинтоо» гезитинде жарыяланды.

«ЮСАИД эларалык уюмунун финансылык колдоосу менен түзүлгөн Жарандык коомду колдоо броборлорунун ассоциациясы шайлоо мезгилинин учурунда регионалдык массалык маалымат каражаттарынын саясаттарына таасирин тийгизүү аракеттерин жасап жатат. Башка бир катар эларалык уюмдар мамлекеттен айлык эмгек акы алгандарга ишеним жок деген көз карашта бюджеттен жем жегендерге шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, башка социалдык топторду каршы тукурууда», деп жазат Сулайман Иманбаев.

А.Акаевдин Орусияга иш сапарынын максат - мазмунуна шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити токтолду. Эки өлкөнүн башчылары ортодогу кызматташтык боюнча кенен-кесир пикир алмашты. Шанхай кызматташуу уюму аркылуу өз ара алака-беришти жакшыртуу, электр техникасы өнөр жайын өнүктүрүү, аскер курал-жабдыктарын сатып алуу маселесин чечүү жайында кеп болду, деп маалымдайт «Слово Кыргызстана» гезити.

Ушул эле гезитте Д.Жайлообаев деген автордун «Чакырылбаган коноктор –3» деген макаласына орун берилген. Анда автор Украинадан келген бейөкмөт уюм өкүлдөрүн Кыргызстанга Киевдеги «сары ыңкылапты» ала келген адамдар катары сыпаттайт.

Автордун ырасташынча, Батыш өлкөлөрү ушу тапта аскерий-саясий таасирин күчөтүү амалында акча, саясий технология менен төңкөрүштөрдү өнүгүп келаткан өлкөлөргө таңуулоодо. Ыңкылапка туш келген элдин акыл-эси маң болуп, чет өлкөлөрдүн айткан-дегенин илгиртпей аткарган элпек кишилерге айланып калат, дейт Д.Жайлообаев. «Биздин оппозиция сары түстү – саткындардын ыраңын алышты. Бул элди, акыл-эсти, салтты, өлкөнү сатууну түшүндүрөт», дейт гезит автору.

А.Исаков деген автор парламент депутаттары ордунда жок кесиптештери үчүн деле уурданып добуш беришип Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизишкенин жазат. «Добуш берүүнүн жыйынтыгы апачык көз будамайлоонун эле көрүнүшү», «бул оппозициядагы депутаттардын эле алдоосу», дейт ал.
XS
SM
MD
LG