Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

ШАЙЛОО КОДЕКСИНЕ ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ МЫЙЗАМЫ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫНА ЖӨНӨТҮЛӨ ЭЛЕК


Бакыт Аманбаев, Бишкек Пикеттин катышуучулары бир нече күндөн бери мамлекет башчы Аскар Акаевден элчилерди шайлоого катыштыруу тууралуу мыйзам долбооруна кол коюуну талап кылышууда. 20-январда Мыйзам чыгаруу жыйынында кабыл алынган ал мыйзам долбоору президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда беш күндөн бери мамлекет башчынын дарегине келип түшө элек.

Буга байланыштуу пикетчилер “Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев бийликтин кысымынан улам мыйзам долбооруна кол коюп, президентке жөнөтпөй жатат” деген пикирин билдиришти:

-Төрага Эркебаев беш күндөн бери бул мыйзамга кол койбой жатат. Биздин оюбузча ал жогорку бийликтин кысымы менен атайылап убакытты созуп, мыйзам долбоорун жөнөтпөй жатат. Болбосо өлкөдөгү саясий туруктуулукту камсыз кылууга багытталган мыйзам долбооруна эмдигичекти кол коюшу керек болчу,-дейт пикеттин Эрлан Шакирбеков аттуу катышуучусу.

Буга чейин Абдыганы Эркебаев Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин регламентин бузуу менен кабыл алынгандыктан, ага мамлекет башчы кол койбой коюуга толук укуктуу деген пикирин билдирген.

Төраганын маалыматы боюнча Жогорку Кеңештин иштөө тартиби тууралуу жаңыдан күчүнө кирген регламентине ылайык палатада бир жолу кабыл алынбай калган долбоор экинчи жолу палатада алты айдан кийин гана каралышы керек.

“Ал эми аталган мыйзам долбоору 18-январдагы отурумда каралып, бирок колдоо таппай калган», дейт төрага Абдыганы Эркебаев.

Төраганын мындай пикирине мыйзам долбоорун колдоп добуш берген депутаттар жана аталган палата төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов макул эмес:

-Регламентти сакташ төрагага же жыйынды алып барган орун басарлардын бирине жүктөлгөн. Ошондуктан жыйынды алып барган киши регламентти кыйшаюусуз сакташ керек. Ал эми Эркебаев өзү регламентти бузуп, маселени добушка коюп, анан бардык маалымат каражаттары аркылуу өзүн-өзү актоосу туура эмес. Мыйзам чыгаруу жыйынында кабыл алынган мыйзамга ал кандай болгон күндө да кол коюшу керек.

Депутат Орозбек Дүйшеевдин пикирине караганда, эгерде 18-январга чейин шайлоо комиссияларына өз документтерин тапшырышкан элчилер шайлоого катыштырылбай кала турган болсо ага Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы күнөөлүү болуп калышы толук ыктымал:

- Төрага өзү күнөөлүү болуп калат. Анткени биз ал мыйзам долбоору кабыл алынып жатканда мыйзам долбоорун бүгүндөн калбай жөнөтүш керек деп эскерткенбиз.

Айта кетүүчү нерсе: бул мыйзам долбоору тууралуу төрага Абдыганы Эркебаевдин жаңы пикирин алуу аракетибизден натыйжа чыккан жок. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматы болсо, Абдыганы Эркебаев 26-январда маалымат жыйынын өткөрөөрүн билдирди.
XS
SM
MD
LG