Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ЖАГДАЙЫ КАНДАЙ?


Бурулкан Сарыгулова, Бишкек. Парламенттик шайлоодон партиялык тизменин алынып салынышын көпчүлүк саясий күчтөр Конституциянын жаңы редакциясындагы башкы катачылык катары санап келатышат. Ушундай көз карашты тутунган саясий партиялар келерки 2010-жылкы парламентик шайлоого чейин можаритардык-пропорционалдык шайлоо системасын кайра калыбына үчүн бардык аракеттерди жасай тургандыктарын убада кылып жүрүшөт. Бирок, мындай максатка жетүү үчүн саясий партиялар алдыдагы парламенттик шайлоодо жетиштүү добуш топтой алышабы? Бул суроо азырынча жоопсуз турат.

Конституциянын жаңы редакциясы боюнча талапкерлер шайлоого өзүнүн жана саясий партиянын атынан катышуу укугуна ээ. Бирок, саясий партиялардын бардыгы эле бул ирет мындай укуктан пайдаланышкан жок. Анын себебин көпчүлүгү арыз берүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктар менен байланыштырышууда. Маселен, өз талапкерлерин уюмдун атынан көрсөтүүдөн баш тарткан «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы, Өмүрбек Текебаев анын себебин минтип негиздеди:

- Өзүн өзү жылдыруу 100% кепилденген ишенимдүү жол. Анткени, партиянын протоколдорунан кынтык издеп, андай экен, мындай экен деп жокко чыгарып койгон учурлар бизде болгон. Эгер курултай өткөрсөк да өзүн өзү жылдыруу жолу менен бекемдемекпиз.

Курултайларын өткөрүп, бирок, шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен барууну чечкен партиялардын катарында «ЭрК», «КДК», «Эркиндик», «Республика», «Жаңы Кыргызстан», «Кайран эл», коммунисттер өңдүү саясий партиялар да бар. Кыргызстан элдик кыймылынын тутумуна кирген бул партиялар өз курултайларында 35 талапкердин атын аташты. Бирок, алардын дээрлик бардыгы шайлоого өз атынан арыз беришти. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын төрагасы Досбол Нур уулунун пикиринде оппозициячыл партияларынын документтерине шайлоо комиссиялары өзгөчө тыкыр мамиле жасайт:

- БШКдан киши катышкан жок, анан мунусу мындай болуптур деп, биздин документтерди «микроскоп» менен текшерип алып атпайбы.

Оппозициячыл партиялардан айырмаланып, президенттик реформаны жактаган саясий уюмдар келерки парламенттик шайлоо саясий партияларга кеңири жол ачты деп эсептешүүдө. Ошондуктан, маселен, «Алга, Кыргызстан!» партиясынын 26, «Адилет» партиясынын 22 талапкери шайлоо комиссияларына арыздарын аталган саясий уюмдардын атынан беришти.
Ушундай маалыматка таянган айрым талдоочулар өкмөтчүл партиялар парламентте көпчүлүккө ээ болушу ыктымал деп болжошот. Бул башкы максат экенин бул партия лидерлери өздөрү да айтып жүрүшөт. Маселен, «Жаңы күч» партиясынын лидери Токон Шайлиеванын пикиринде:

- Парламентке реформаны жактаган партиялардын 60-70% келет.

Ошол эле учурда оппозициялык партиялар да парламентте жетиштүү добушка ээ болоруна бекем ишенип турушат. Аны Досбол Нур уулу мындай деп бышыктады:

- Белин байлап, жарышка түшкөн киши эсеп менен чыгып атат. Элде кадыры бар, эл баалайт деген, элдин бир оор жүгүн көтөрөм деген кишилерди чыгардык.

Досбол Нур уулунун оюнда бийлик тарапты жактаган партиялар орунду оппозицияга бербеш үчүн каражаты калың талапкерлерди сүрөп атышат.

Ал эми шайлоого катышуудан баш тарткан «Акыйкат жана прогресс» саясий партиясынын лидери Муратбек Иманалиев саясий күрөш күчтүү болот дейт, бирок, шайлоо саясий партиялардын парламенттеги саясий салмагы арттырарына ишенбейт. Саясатчынын баамында жалпы саясий партиялар парламентте 30%ке чейинки эле добушту алышы ыктымал. Алардын парламенттеги ишмердүүлүгүнүн андан аркы багытын таразалоо да татаал. Анткени, партиянын атын чакырган азыркы талапкерлердин көпчүлүгүнүн позициясы түп тамырынан өзгөрүп кетиши ыктымал:

- Парламентке өткөндөн кийин саясий партиялардын көбү, өзгөчө өкмөттүн партияларынан өтүп аткандардын көбү өз позицияларын өзгөртөт. Анан партиялардын кереги деле жок болуп калат, - дейт Муратбек Иманалиев.
XS
SM
MD
LG