Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

26-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Өлкөдөгү гидрометеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 26-январда республиканын айрым облустарында кар жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ, ЫСЫККӨЛ облустарында түнкүсүн -6...-11 градус суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн -7...-12 градус суук, күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу.
ЖАЛАЛАБАД, ОШ, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн -2...-7 градус суук болсо, күндүз +1ден...+6 градуска чейин жылуу болот.
НАРЫНДА түнкүсүн -16...-21, күндүз -9...-14 градус суук.
БИШКЕК шаарында кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8 градус суук, -1 градус сууктан +1 градуска жылуу.








Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдады.

Редактор Султан Раев.

XS
SM
MD
LG