Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Нарын шаарынын борбордук аянтына жети адам пикетке чыкты


НАРЫН. Алар укук коргоочу Турсунбек Акундун Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлиги катталбай жаткандыгын билдиришип, «Турсунбек Акунга куугунтук токтотулсун», «Сулайман Иманбаев Турсунбек Акунга бут тосууну токтот» деген жана башка талаптарды жазып көтөрүп турушту. Бирок, №33 Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Кенже Сатыбалдиева талапкердин документи бүгүн толукталгандыгын жана округдук шайлоо комиссиясы бул маселе боюнча кезектеги отурумга даярданып жаткандыгын билдирди. Ошентип комиссиясынын жыйыны башталып, анын он төрт мүчөсүнүн макулдугу менен Турсунбек Акун №33 Нарын аймактык шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары катталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG