Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Н.Танаев: «Ишканалар башаламандыкка жол ачпашы керек»


БИШКЕК.25-январда Экономикалык өнүгүү жана тышкы соода министрлигинин коллегиясы болду. Анда министрликтин 2004-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, быйылкы жылдагы милдеттер такталды. Министр Амангелди Муралиевдин айтымында,өткөн жылы экономикалык өсүүнүн деңгээли 7 процент болуп,экспорттун көлөмү 40 процентке өстү. Жыйынга катышкан премьер-министр Николай Танаев Кыргызстанда экономиканын өсүшү жана ишкерликти өнүктүрүүгө жакшы шарт түзүлгөндүгүн билдирүү менен бирге быйыл саясий жана экономикалык жактан кыйын жыл болорун белгиледи. Анын айтымында, буга шайлоолор жана Кумтөр кенинин өндүрүш көлөмүнүн азайышы түрткү болот. Ошондуктан ишкана жетекчилерин саясий туруктуулукту бузууга өбөлгө түзгөн жагдайларды болтурбоого милдеттендирди. Ал эми ишкана жетекчилери элдин нааразылыгын болтурбоо үчүн тышка экспорттолгон товардан алынган кошумча нарк салыгын ишканаларга кайтарып берүүнү талап кылышты.

XS
SM
MD
LG