Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Өкмөт расмий билдирүү таратты


БИШКЕК.Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы 25-январда расмий билдирүү таратты. Анда ушул күнү «Агым» гезити жарыялаган «Ак үйдүн ак тизмеси» аттуу материалда жазылган маалыматты жокко чыгарды. «Агым» гезити аталган макалада парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин 65ин колдоорун кабарлап, ал талапкерлердин шайлоо округу менен тизмесин жарыялаган. Басма сөз кызматы гезиттин бул материалын бийлик менен элдин ортосунда ажырым жасоо үчүн негизсиз ушактын негизинде атайылап жасалган аракет деп баалады.Буга чейин жашыруун жыйын өткөрдү деген маалыматтай эле тизменин болушу мүмкүн эместигин билдирип, өкмөттүн басма сөз кызматы тизмени жокко чыгарган расмий маалымат таратууну «Агым» гезитинен талап кылды. Эгер бул талап аткарылбаса редакцияны сотко берерин кабарлады. Ал эми «Агымдын» башкы редактору Эрнис Асек уулу азырынча эч кандай түшүндүрмө бере албасын жана редакция жоопту гезиттин жума күнкү санына жарыялаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG