Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Күч министрликтери эмнеге даярданууда?


БИШКЕК. Бул күндөрү өлкөнүн күч министрликтери «Мамлекеттик, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана тартип коргоо органдарынын Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды жөнгөрүүдө жана өзгөчө кырдаал убагында иштөөсүнө байланыштуу» машыгуу өткөрүүдө. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы министрликте андай машыгуу 20-январда өткөрүлгөнүн, ал эми учурда ички иштер министрлигинде жүрүп жатканын билдирди. Ал эми ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев машыгуу тууралуу расмий маалыматы жок экенин, бирок 24-январда таң эрте менен Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкармалыктарынын жеке курамы чогултулганын билдирди. Маалыматка караганда, бул машыгуулар өкмөт башчы Николай Танаевдин жетекчилиги астында өтүүдө. Максаты улуттук коопсуздукту сактоо, деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG