Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Этика комиссиясы мыйзамдуу деп тапты. Кеп эми төрагада


БИШКЕК. 25-январда Роза Отунбаеваны коргоо комитетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык акциясын улантты. Жыйырмага чукул адам «Президент мырза элчилердин тагдыры сиздин колуңузда», «Элчилер шайлоого катышсын» деген плакаттарды көтөрүп турушту. Мыйзам чыгаруу жыйынынын этика боюнча комиссиясынын төрагасы Орозбек Дүйшеевдин дүйшөмбү күндөгү билдирүүсүнө караганда, ал 20-январдагы «Шайлоо кодексининин» 69 беренесине өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүүнүн мыйзам чегинде болгонун тастыктап, төрага Абдыганы Эркебаевге кат жөнөттү. Айрым депуттар 20-январдагы добуш берүү мыйзамсыз болгондугун билдиргенине байланыштуу төрага бул маселени палатанын этика боюнча комиссиясы иликтеп чыксын, мен ошого жараша чечим кабыл алам деп, 24-январда билдирген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG