Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Оппозициячыл саясатчылардын соту уланды


БИШКЕК. 25-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Эркиндик» партиясынын төрагасы, «Кыргызстан элдик кыймылынын» саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевге каршы ачылган административдик ишти карай баштады. Бул күнү сот Топчубек Тургуналиев тараптан барган жана ага административдик иш козгоого негиз берген билдирүүлөр менен түшүнүк кат жазышкан милиционерлер жана атуулдардын көрсөтмөлөрүн укту. Саясатчы Топчубек Тургуналиевге каршы Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү уруксаат берилбеген митинг, жөө жүрүш уюштуруп, элдин коопсуздугуна коркунуч пайда кылды, тартип коргоо орган өкүлдөрүнө баш ийбей койду жана жолдо жүрүү эрежесин бузду деп айыптап, ишти сотко берген. Иш Бишкектин үч тургуну менен 24 милиционердин арызданууларынын негизинде топтолгон.Ушундай эле айып менен «Ата журт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаевага ачылган иш мурда кабарлангандай бул күнү каралган жок. Ага Роза Отунбаеванын сыркоолоп калганы себеп болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG