Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:17

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН “АК ЖОЛ” ПАРТИЯСЫНЫН ТЕҢТӨРАГАСЫ ДЕПУТАТТЫК МАНДАТТАН БАШ ТАРТЫП ЖАТАТ?


Кубат Оторбаев, Прага 24-январда Алматыда оппозициядагы “Ак жол” демократиялык партиясынын теңтөрагасы Алихан Байменов пресс-конференция өткөрдү. Ал Мажилис депутаттыгынан баш тарткан мурдагы чечиминен кайтпай тургандыгын, бирок анын парламентке мүчө болбойм дегенине карабай Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы аны депутат кылып каттап койгондугун айтып, Жогорку сотко кайрылаарын билдирди. Оппозиция өкүлү эмне үчүн депутаттык мандаттан баш тартып жатат?

Казакстанда өткөн жылдын 19-сентябрында парламенттик шайлоо болгон. Эки палаталуу парламенттин Мажилисиндеги 77 орундун ону партиялык тизме аркылуу келген депутаттарга бөлүнгөн эле. Мына ошол он орундун тогузу президент Нурсултан Назарбаев менен анын кызы Дарига Назарбаевага тийиштүү партиялардын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Араң гана бир мандат оппозицияга, анын ичинде “Ак жол” демократиялык партиясынын тизмеде биринчи турган теңтөрагасы Алихан Байменовго тийген. Бирок Байменов “мен депутат болбойм” деп мандаттан баш тартып жатат.

Ал өзүнүн мындай кадамын шайлоонун өтө ыплас жана мыйзамдар бузулуп, адилетсиз өткөндүгү менен түшүндүрөт. Депутаттыктан баш тартаарын Алихан Байменов алгач өткөн жылдын 29-октябрында “Ак жол” партиясынын борбордук кеңешинин жыйынында билдирген жана 2-ноябрда аны депутат кылып каттабоо өтүнүчү менен өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган.

Байменовдун минтип ырасмий түрдө депутаттыктан баш тартып жатканына карабай БШК 14-январда аны депутат кылып каттап койгон. Алихан Байменовдун өзүнүн пикиринде бул саясат үчүн атайын жасалган иш:

- Үч жылдан бери партия башкарып жүрүп билип калдым: бийликтен тышкаркы кайсы бир күчтөр мени бийлик менен биригип, тымызын ойноп жүргөн саясатчы катары көрсөткүсү келишет экен. Шайлоо комиссиясынын мындай кадамын мен ошол саясий күчтөрдүн аракети катары баалайм.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Куандык Турганкулов болс бул жерде эч кандай саясат жок деп, ийин куушурат:

- Өздөрү өтүнүч кылышкан, “чечиңиздер” деп. Негизи бул мурдатан чечилип калган маселе болчу. Мыйзам боюнча партиялык тизменин башында турган Байменов мырза депутат катары катталууга тийиш.

Бирок Алихан Байменовдун өзү парламентке барып отурганым, шайлоону калыс өттү деп аны оппозициянын тааныганына барабар деп көгөрөт:

- Ошого жараша Жогорку сотко өтүнүч жолдоп, андан чечим талап кылгыбыз келди. Менин арыз жазып, артка чегингениме карабай 14-январда мени депутат кылып каттоо тууралуу чечим чыккан. Бул эч бир мыйзамга да, Конституцияга да туура келбеген иш. Бир гана дурус жол – сот менин мандаттан баш тартуу тууралуу арызымды канааттандырып, мандатты кийинки адамга берүү.

“Ак жол” партиясынын парламенттик шайлоого сунушталган тизмесинде Алихан Байменовдон кийин Алтынбек Сарсенбай уулу турат. Бирок буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы, маалымат министри болуп иштеген Алтынбек Сарсенбай уулу да принципке туруп, ыплас жол менен түзүлгөн Мажилиске барып, депутат болгусу келбейт. Ал бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына берген интервьюсунда минтип билдирди:

- Мен шайлоонун адилетсиз өткөнү үчүн министр кызматынан кеттим. Эгер парламентке барып, шайлоонун жакшы өткөнүн тастыктагандай болсом – ал түшүнүксүз болуп калат.

Алтынбек Сарсенбай уулунун пикиринде партия Борбордук шайло комиясынын үстүнөн Жогорку сотко арыз жазуу менен шайлоого карата партиянын принципиалдуу гана көз карашын билдирбей, Конституциянын да Казакстанда кандай күчкө ээ экендигин көрүүгө аракет жасалып жатат.

Сөз соңунда кошумчалай кете турган нерсе: өткөн жылдын 19-сентябрындагы парламенттик шайлоону ОБСЕ баштаган эларалык уюмдар жана казак оппозициясы демократиянын талаптарына туура келген жок деп баалаган болчу.
XS
SM
MD
LG