Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Ирандын руханий жетекчиси өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууну токтотууну суранууда.


Ирандын студенттик маалымат агенттиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, өлкөнүн руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеи парламент спикери Голямали Хаддад-аделге атайын кат жолдоп, өкмөт мүчөлөрүн катуу сындап, аларды кызматтан алууну токтотууну суранган. Парламент жакында билим берүү министри Мортаза Хажини кызматтан алууну чечкен, бирок аятолла аны жумушта калтырууну суранууда. Октябрда болсо унаа министри Ахмад Хоррам парламент тарабынан кызматтан алынган. Июнда Иранда президенттик шайлоо өткөрүлүп, учурдагы президент Мохамад Хатами кызматынан кетүүгө тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG