Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Ирактагы куралдуу кагылышуулар уланууда.


Багдад шаарынын алдында бүгүн полиция менен куралдуу топтор ортосунда кагылышуу болуп, бир нече адам окко учту. "Ал-Жазира" сыналгысы болсо бүгүн Рой Хэлламс деген америкалык адамдын видеого тартылып алынган суранычын көрсөттү, белгисиз куралчандар анын башына мылтык такаганда, ал аны өлтүрбөөнү суранган. Андан тышкары, Багдаддын өзүндө бүгүн бир сот адамдын машинесине буктурмадан ок атылып, ал курман болду. Кечээ күнкү кагылышуудан жараат алган бир америкалык аскер бүгүн ооруканада көз жумду.

XS
SM
MD
LG