Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:14

АКШ ПРЕЗИДЕНТИНИН АНТ БЕРГЕНДЕ АЙТКАНДАРЫ ИДЕЯБЫ ЖЕ ИШКЕ АШАБЫ?


Улан Эшматов, Прага. АКШнын президенти Жорж Буш өткөн аптада ант берүү салтанаты учурунда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөдө эркиндикти жана демократияны жайылтуу саясаты улантыларын дагы бир жолу баса көрсөттү. Буштун бул айткандары жөн эле идеябы же конкреттүү саясатбы?

Президент Буш ант берүү аземинде сүйлөгөндө демократияны жана эркиндикти колдоону АКШнын максаты катары атады. 21 минутка созулган сөзүндө аскер күч жөнүндө да эскергени менен анын администрациясы адамдардын зомбулуктан бошотулушу үчүн жардамды кантип көргөзөрүн жана кайсыл элдер эркиндикке чыгарылары жөнүндө эч нерсе айткан жок. Буш анда буларды белгилеген эле:

-Акыр аягында дүйнөдө зомбулуктун аякташына жетишүү үчүн ар бир өлкөдөгү жана элдеги демократиялык кыймылдын жана институттардын өсүшүнө умтулуу, колдоо биздин саясат. Бул биздин армиянын баштапкы милдети эмес, ага карабай зарылдык жаралган учурда биз аскер күчүн колдонуу менен өзүбүздү жана досторубузду коргойбуз.

Натан Браун - Вашингтондогу Карнеги фондунун эксперти. Анын "Азаттыктын" кабарчысына билдиргенине караганда, АКШнын президенттер адатта инагурациялык сөзүндө узак мезгилге эсептелген бийик максаттарды белгилешет. Ал эми өз саясатын көбүнесе элге жана Конгресске жасоочу жылдык кайрылуусунда чечмелешет. Буш жылдык кайрылуусун келерки аптада жасамакчы.

Бирок Браундун пикиринде, Бушта конкреттүү план жок болгондуктан дүйнө анын администрациясы эркиндикти кантип жайылтары тууралуу кеңири түшүндүрмөнү уга албайт. Адистин айтымында, Буш андан мурдагы президент Билл Клинтон сыяктуу эле эркиндик менен демократияны жайылтуу үчүн катаал чараларга барууну көп каалабайт.

1990-жылдары президент Билл Клинтон Түштүк Корея менен Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө жардам көргөзүү менен гана чектелген, себеби алар Батыштын саясий агымына кошулууну каалашкан болчу. Иракта эске албаганда бул азыркы президент Буш үчүн деле ылайык келет.

Натан Браун белгилегендей, маселен 1970-жылдары андагы президент Жимми Картер америкалык консерваторлор тарабынан кансыз согуш доорундагы айрым өнөктөш өлкөлөргө да адам укуктарын жакшыртуу боюнча кысым көргөзгөнү үчүн сынга алынган. Ал эми азыр Жорж Буш өзү консерватор экенине карабай адам укуктарын көбүрөөк урматтоону талап кылганы менен мында кош стандартты карманууда:

-Картер адеп киришкенде адам укуктары маселесин катуу көтөрүп, кээ бир дос өлкөлөр менен да мамилени курчутуп жиберген. Америкалык консерваторлор аны ушул үчүн ур-токмокко алышкан. Биз азыр өзү консервативдик көрүнүштү карманган президент Буш демократияны жайылтууну колдогонун көрүп жатабыз. Бирок ал муну достордон же жада калса египеттиктер же саудиялыктар сыяктуу ишкер өнөктөштөрдөн талап кылууга көп кызыкдар эмес.

Ушул эле ойду вашингтондук экинчи бир аналитик, Жакын Чыгыш институтунун эксперти Мархаф Жоежати да айтат. Анын пикиринде, Жакынкы Чыгыштын эли АКШнын тышкы саясатына көп ишенбейт, себеби ал адам укуктары маселесинде иргеп мамиле кылууда:

-Менимче дүйнө калкы, өзгөчө Жакынкы чыгыштагылар тилекке каршы бул сөздөргө дагы олуттуу мамиле кылбайт. Себеби адам укуктары Израил тарабынан оккупацияланган аймактарда тебеленүүдө. Буш Израилге каршы экономикалык санкцияга барар бекен? Эгер ал өнөктөштөргө караганда өнөктөш эместерине каршы чара көрсө, бул- АКШнын тышкы саясаты кайрадан эле кош стандарт болоору.

Буш авторитардык өкмөттөргө каршы аскер колдонуу мүмкүнкүчүлүгүн айтып жатканы менен ал конкреттүү кадамдарды жасай алат.

Аналитик Мархаф Жоежати белгилегендей, маселен Сирия Ирактын коңшусу болгондуктан ага каршы аскерий чара колдонушу ыктымал. Бирок АКШда эркиндик, демократия, адам укуктары үчүн деген жүйөө менен Кытайга, Пакистанга кол салуу мүмкүнчүлүгү жок. Тигил же бул өкмөткө каршы экономикалык санкция киргизилди дейли. Бирок мунайга муктаж АКШ Сауд Аравияга тийише алабы?

Мархаф Жоежати баардык кептердин, эч кандай чара көрбөө менен аскерий жана экономикалык жактан коркутуунун аралыгында орто деңгээл бар экенин кошумчалайт:

-Жасоого боло турган нерсе - алмашуулар. Сириянын жарандык коомунун өкүлдөрүн АКШга алып келүү окутуу. АКШнын жарандык коомунун өкүлдөрүн Сирияга жиберүү. Муну тынч ишке ашырууга аракеттенүү. Коркунучтуу жана агрессивдүү сөздөр Сириядагы адам укугун коргоочуларды калктын калган басымдуу бөлүгү шектенүү менен кароосуна гана алып барат.

Мархаф Жоежатинин пикиринде, мындай алмашуулардын жыйынтыгы мүмкүн тез болбойт, бирок Америкага карата кыжырданууну жаратпастан терең жана балким узакка созулчу натыйжа берчидей.
XS
SM
MD
LG