Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

ИРАК ШАЙЛОО ИРЕГЕСИНДЕ...


Жекшембидеги шайлоо алдында Иракта коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Багдад бийликтери экстремисттик топтордун агымын бууш үчүн коңшулаш өлкөлөр менен тогошкон чек ара тоомдорун үч күнгө жапканы жатышат, ошончо эле мөөнөткө өлкөдө транспорттун кыймылы кыскартылат. Өзгөчө коогалаңдуу делинген райондордо коменданттык режим узартылат. Шайлоонун ырасмий жыйынтыктарын борбордук комиссия он күндөн кечеңдетпей жарыялаганга убада берүүдө.

Ирактагы шайлоого мурдагыдай эле жоокесептер коркунуч келтирүүдө. Коопсуздук шартынын начарлыгына шылтоолоп калктын бир катар катмары,айрыкча мусулман сүннүлөр добуш бербей коюшу мүмкүн деген чочулоо бийликтерди бир топ убайымга салууда. Убактылуу өкмөттүн башчысы Ияд Аллави сүннүлөргө атайын кайрылып, шайлоо аркылуу гана Иракта аркалуу армия түзүп, жетиштүү коом курганга болот деп ынандырганга аракет кылды.

Былтыр декабрдын этегинде Ирак ислам партиясы шайлоо жарышынан чыккандыгын жарыялаган. Партиянын лидери Мосен Абдил Хамид кепилденген шарт-жагдай түзүлгөндө гана сүннүлөр добуш берүүгө катышарын, андай болбогон соң жаңы парламент жалпы элдин ишенимин алган бийлик болбой турганын эскерткен.

Евросоюздун тышкы саясий иштеринин жетекчиси Хавер Солана да сүннүлөрдүн саясий процесстерден оолак калышы Ирактын келечектеги кендирин кескен иш болорун эскертти. Кокус сүннүлөр жекшембидеги шайлоого катышпаса, аларды жаңы конституциянын долбоорун даярдоого активдүү тартуу зарыл.

Сүннүлөр көңкү калктын 20 процентине жакын дешет. Улуттук ассамблеядан мандаттардын басымдуу бөлүгү элдин 60 проценттине барабар шейиттер мазабындагы ирактыктарга тиерин сүннүлөр, алардын соңунан түндүктөгү күрттөр бөркүндөй көрүшөт. Жекшембидеги шайлоо ирак коомун ого бетер ичтен жиктеп салышы ыктымал деп ибеп жегендердин бири - азыркы убактылуу өкмөттүн пландоо министри Мехди ал-Хафед өлкөдөгү көп буркулуу будун-тайпанын баарын баш коштуруу үчүн атайын стратегия иштеп чыгууга чакырды. Мындай стратегия, министрдин айтымында, Иракта демократиялык жаңы тажрыйбанын келечегине жана үзүрүнө ишенгендерди бир жерге күл төктүрүп, бир чамгарак астында бириктирүү үчүн зарыл.

Ирактын жаңы парламенти 275 орундан турат,анын отуз проценти аялдарга бөлүнгөн. Элдин мандатын алгандар адегенде өлкөнүн жаңы президенти менен анын орунбасарын шайлайт. Алар болсо өз кезегинде парламентке өкмөт башчысынын кандидатурасын көрсөтүшү керек. Мунун соңунан парламент конституциянын долбоорун иштеп чыгат жана документ быйыл жыл этегинде элдик референдумга коюлат. Ошондон кийин гана өлкөдө конституциялык өкмөт түзүлөт. Негизги мыйзамдын долбоору кокус калктын колдоосун албай калса,парламент кайра шайланууга тийиш.

Ирактагы аскерлештирилген бардык топтор,Саддам Хусейндин БААС партиясынын мурдагы мүчөлөрү пассивдүү шайлоо укугунан ажыратылды, б. а. алар парламентке талапкерлигин кое алышпайт. Ал эми ич күптүсү барларды, дегеле демократия дегенге куйкасы курушкандарды исламчыл ар кошкон жоокесептер менен козголоңчулар өз мүдөөсүнө пайдаланып жатышат. Шаршемби күнү эле Киркукта дүрмөттөлгөн эки бирдей машина жарылып,анын биринен жетидей адам жер жазданды. Рамади жана Фаллужа шаарларында коалициянын күчтөрү менен козголоңчулар ортосунда айыгышкан уруштар болуп өттү.

XS
SM
MD
LG