Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

27-январга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, январдын жыйырма жетисинде Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, ал эми Ысыккөл акваториясында 15-20 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Республика боюнча абанын температурасы:
ТАЛАС облусунда түнкүсүн -15...-20 градус, күндүз 0...-5 градуска суук.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн -5тен...-10 градуска чейин суук, күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн -9...-14 градуска ал эми күндүз 0...-5 градуска чейин суук болот.
ЖАЛАЛАБАД, ОШ, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз 0...+5 градустун айланасында жылуу.
Тоолуу НАРЫНДА түнкүсүн -13...-18, күндүз -4...-9 градус суук.
БИШКЕКТЕ мезгил-мезгили менен кыламык кар жаап, түнкүсүн -11...-13 градуска ал эми күндүз -2ден... -4 градуска чейин суук болот.

Кабарлар топтомун даярдагандар Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана областтык кабарчылар.
Редактору Султан РАЕВ.

XS
SM
MD
LG