Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин Жалалабад облустук бөлүмүнүн жыйны өттү


ЖАЛАЛАБАД. Жыйында белгиленгендей өлкөнүн адам укугун урматтаган ураанына облустагы укук коргоо жана коомдук тартип адистери шек келтирүүдө. Президент Аскар Акаевдин сотторго элдин сексен пайызы ишенбейт деген бир кездеги сөзүнүн тууралыгын турмуш ырастоодо. Демократиялык коопсуздук кеңешинин облустагы өкүлү Зулумбек Жамашов алты жигиттин өлүмүн алып келген 2002-жылдагы Аксы окуясы, облустук прокурордун мыйзамсыз аракети менен болгондугуна токтолду. Андан жыйынтык чыгарбай облпрокуратуранын, облкеңештин депутаттары жана кызмат адамдарына негизсиз ачылган кылмыш иши менен облжетекчисине каршы көрсөтмөлөрдү алуу үчүн токой башчыларын беш, он күнгө абакка отургузулганы да ортого салынды. Облустук прокуратура кылмыш иштери кызмат адамдарына коррупцияны ооздуктоо максатында козголгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG