Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Ош-Бишкек жолу жабылат


БИШКЕК. 30-январда Ош-Бишкек жолундагы унаа каттамы болжол менен 2-3 күнгө токтотулат. Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинен маалымдашты. Министрликтин атуулдук коргоонуу башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Камчыбековдун билдиргенине караганда, 30-январь күнү Ош-Бишкек жолу эрте мененки саат 8.30 дан тартып түндүк жана түштүк тарабынан тең жабылат. Бишкек-Ош жолу жабылган күндөрү кар көчкүнү атайлап көчүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул иштер Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлиги, транспорт жана коммуникация, коргоо министрликтеринин атайын кызматтары тарабынан жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG