Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Президентин маалымат катчысы пикетке чыккандарга акча төлөнөт деген ойдо


БИШКЕК. 7-январдан бери Бишкекте пикетке чыгып жатышкандар экс-элчилердин жакын туугандары жана көчөдөн алып келген адамдар. Аларга күнүгө 50-60 сомдон төлөп турушат. Муну далилдей турган документтер бар экенин билдирди Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев 26-январда өткөн маалымат жыйынында.

Ал эми ушул эле күнү экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын укугун коргоо комитетинин мүчөлөрү жана экс-элчи Маматжунус Абыловдун жактоочулары Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясын улантышты. Пикетке чыккан 15 ашуун адам “Бийликке элчилердин кереги жок болсо, элчилер бизге керек”, деп жазылган ураан жана башка плакаттарды колдоруна кармап турушту. Мурда маалымдангандай нааразылык акциясына чыккандар 20-январда Мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан кабыл алынган «Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна президент Аскар Акаевдин тез аранын ичинде кол коюусун, элчилердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышуусуна жол берүүсүн талап кылышты.

Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин айтымында, «Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору парламент тарабынан мыйзамсыз кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG