Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Экс-министр Ишенгүл Болжуровага 1000 сом айып пул салынды


БИШКЕК. 26-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кыргызстан Элдик кыймылынын тең төрайымы, өлкөнүн мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжуровага 1 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салды. Ага 19-январда Бишкекте болгон уруксат берилбеген митинг, жөө жүрүшкө чыгып, жолдо жүрүү эрежесин бузган, тартип коргоо кызматкерлерине баш ийбей койгон, атуулдардын коопсуздугуна коркунуч келтирген деген айыптар коюлган. Ишенгүл Болжурова коюлган күнөөлөрдү негизсиз деп, аппеляциялык арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрыла тургандыгын билдирди. Ушул эле күнү Биринчи май райондук сотунда Кыргызстандын мурдагы элчиси Роза Отунбаевага карата ачылган административдик иш боюнча да соттук териштирүү башталды. Сот жараяны судья Эсенжан Абылкасымовдун төрагалыгында өтүүдө. Роза Отунбаевага карата да Административдик Кодекстин 247, 371 жана 392-беренелери боюнча иш козголгон.

XS
SM
MD
LG