Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

26-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-министр, «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурованы жазалап, ага айыппул салды. Ушул эле райондук сот түштөн кийинки отурумунда «Ата журт» кыймылынын теңтөрайымы, экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаевага каршы ачылган административдик ишти териштирүүгө киришти.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-министр Ишенгүл Болжурова 19-январда уруксат берилбеген митинг жана жөө жүрүш уюштуруп, башка атуулдардын коопсуздугуна коркунуч келтирген деп таап, 1000 миң сом айып салды. Ал тууралуу судья Кубанычбек Сулайманов:

-Кыргыз Республикасынын Административдик Кодексинин 589 жана 590-беренелерин жетекчиликке алуу менен сот Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 392-беренесине ылайык Ишенгүл Болжуровага 10 минималдык айлык өлчөмүндөгү айыппул салуу чечимине келди.,- деп жарыялады.


Буга чейин прокурордун жардамчысы Шаимова Болжурованын административдик тартип бузууга барганы анык болду деп, үч миң сом өлчөмүндө айып салууну өтүнгөн болчу. Сот анын сөзүнөн кийин дароо чечимин жарыялап, айыпталуучунун жана анын жактоочуларынын сөзүн уккан жок. Ушундан улам Ишенгүл Болжурова айып такан милиционерлерди, судьяны жана прокурордун жардамчысын сотко берерин жарыя кылды. Анын пикиринде судьянын эки тараптын пикирин бирдей укпай койгондугу, прокурордун жардамчысынын көрсөтмөлөрдү так эске албагандыгы негиз болот:

-Бул сот эмес эле оюн болуп калды. Ошондуктан мен туура эмес, жалган рапорт жазган милиционерлерди, менин конституциялык укугумду бузган, тебелеген судьяны сотко берем. Ошондой эле жалган айып койгону үчүн прокурордун жардамчысына каршы да сотко арыз берем.

Ишенгүл Болжурова райондук соттун чечимин жокко чыгаруу арызын шаардык сотко берерин да кабарлады.

Ал эми экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаевага ачылган административдик ишти кароо катуу карама-каршылык менен башталды.Ага Биринчи Май райондук ички иштер бөлүм кызматкери жана үч атуулдун даттануусунун негизинде Отунбаева жолдо жүрүү эрежесин бузду, тартип коргоо кызматкерлерине баш ийген жок жана уруксаат берилбеген митинг,жөө жүрүш уюштуруп,атуулдардын коопсуздугуна коркунуч келтирди деген айып коюлган. Ишти кароонун карама-каршылык менен башталышына судья Эсенжан Абылкасымовдун күбөлөрдин көрсөтмөлөрүн, жактоочулардын пикирин укпай койгондугу себеп болду. Адегенде эле адвокат Рабига Садыкова Отунбаевага койгон айыптар негизсиз деп, ишти токтотууну өтүнгөндө аны дароо четке какты. Мындан тышкары судьянын бардык күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуунун зарылдыгы жок дегени жана айыпталуучу Отунбаеванын сөзүн укпай токтоткону түрткү болду. Ушундан улам Роза Отунбаева судья ишти бейтарап карабайт деп, сотко ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдирди. Бирок, судья аны да четке какканда айыпталуучунун жактоочулары нааразы болуп, кол чабуу менен судьянын ишти адилет кароосун талап кылышты.

Ал эми Топчубек Тургуналиев Отунбаеванын күбөлөрүн укпай койгондо:

- Демек, сиз айып койгон тарапты жактап жатасыз. Мыйзам боюнча сиз бейтарап болушуңуз керек. Ошон үчүн сизге ишеним көрсөтпөй жатат. Эмне үчүн минтип жатасыз? Ал күбөлөрүмдү сураңыз деп суранып жатат. А сиз болсо аны аткарбай жатасыз. Бул эмнени билдирет?,- деп күбөлөрдү угууну талап кылды.

Судья ушундан кийин Отунбаева тараптан барган беш күбөнүн жана участкалык милиционер Назибек Эгембердиевдин көрсөтмөсүн укту. Андан кийин ишти 27-январда улантаарын кабарлады. Отунбаеванын жактоочусу рапорт жазган 19 милиционердин төртөөнүн, анын ичинде Биринчи Май райондук ички иштер бөлүм башчысынын орун басары М.Мамыровдун көрсөтмө берүүсүн талап кылды. Ал эми Биринчи Май райондук ички иштер бөлүм башчысынын орун басары Аскат Сулайманов үч саясатчыга каршы административдик ишти ачууга төмөнкү жагдайлар негиз бергендигин белгиледи:

- Митинг,жүрүш өткөрүүдөн мурун билдирүү бериш керек болчу. Экинчиден, жолдо жүргөн мезгилде тартип коргоо орган өкүлдөрүнүн эскертүүлөрүнө баш ийбей, жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик иш түзүлгөн.

Соттон кийин Роза Отунбаева иштин адилет каралаарына күмөндүү экендигин:

- Бул сотко ишеним жок. Сот процедурасын атайын бузуп, сотту туура эмес алып барып жатат. Мен бул сотко ишенбейм. ,- деп билдирди.
XS
SM
MD
LG