Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

ООГАНСТАН-ИРАН КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН БАГЫТТАРЫ


Шаршемби күнү Ооганстандын президенти Хамид Карзай Иранга эки күндүк сапарга келди. Ал Ирандын түндүк чыгышын Ооганстандын батышындагы Герат шаары менен туташтырган даңгыр жолун ачылыш салтанатына катышат. Эки жак 122 чакырымдык жол өз ара сооданы өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түзөт деген үмүттө. Иран азыр Ооганстандын негизги соода өнөктөрүнүн бири. Ооганстан-Иран аралык мамилелер кандай абалда?

Бул былтыр декабарда бийликке келген Хамид Карзайдын Иранга жасаган биринчи ырасмий сапары. Ал курамына ички иштер, финансы жана экономика, ошондой эле качкындар иши боюнча министрлер кирген мартаблуу жоон топту баштап келди.

Камид Карзай бейшемби күнү президент Мохаммед Хатами менен чогуу Докарун-Герат кан жолунун ачылыш аземине катышат. Эки президент Ирандын түндүк чыгышындагы Торбат-е Жам менен Ооганстандын батышындагы Герат шаарын кошкон электр линиясын, Герат, Нимруз жана Фарах провинцияларынын чек арасында ирандыктар курган сегиз бекетти ачуу салтанатында да бирге болушат.

Иран азыр Ооганстанда бир нече маанилүү курулушту бүткөрүүдө. Өткөн айда Кабылда ирандык биринчи банк ачылган. Эки жак Ооганстандан маң заттарын мыйзамсыз жолдор менен ташып чыгууга каршы да жигердүү иштешүүдө.

Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун аналитиги, полковник Христофер Лэнгтондун пикиринче, Ооганстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн Иран абдан маанилүү өлкө:

–Эки жак мурда талиптерге каршы чогуу аракетенишкен. Иран өз таасирин ирактыктарга диндеш шиит хазарлары аркылуу да жайылтышы мүмкүн эле... Иран Перс булуңундагы Бандар Аббас портун Ооганстан аркылуу Борбор Азияга туташтырган долбоорго катышууда. Бул жол Ооганстандын келечеги үчүн абдан маанилүү. Иран жана Ооганстанды саясый-экономикалык жана коопсуздук маселесинде байланыштырган тизме узун.

Президент Карзайдын визити АКШ Иранга сокку урат деген каңшаар күчөп турган мезгилге дал келди. Жакында “Нью- Йоркер” журналы АКШлык тандалма күчтөр мүмкүн сокку урулчу обьектилерди тактоо үчүн өткөн жайдан бери Ооганстандан Иранга өтүп, чалгындоо иштерин жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал Мохаммед Захер Азими жакында “Азаттыкка” берген интервьюда береги кабарды калпка чыгарды:

- Эч кандай күчтөр Ооганстандан Иранга кирген эмес. Ооганстандын саясаты жана стратегиясы коңшулары менен жакшы мамиле күтүүгө багытталган. Биз алар сыяктуу эле эки жак бири биринин ишине кийлигишпейт деген ишеничте болуусун каалайбыз.

Ооган жана Иран президенттери америкалык аскерлердин мүмкүн болчу соккусу тууралуу кабарды талкуулайбы, белгисиз.

Христофер Лэнгтондун боолгошунча, АКШнын непада аскерий чабуулу коңшулаш эки өлкөнүн байланышына катуу зыян келтирет:

- Иран бийликтери Карзай бийликке -Ооганстанда азыр чоң күчтөрү бар АКШга гана таянып эмес- мыйзамдуу негизде келгенин көрүштү. Америкалык күчтөрдүн Иранга каршы жасаган ар кандай аскерий аракети, биз каалайбызбы же жокпу - сөзсүз Иран менен Ооганстандын азыркы жана болчок алакасына таасир этет.

Талиптердин жана “ал-Каиданын” Ооган жериндеги калган-каткан күчтөрүн такымдай кууп жүргөн АКШ аскерлеринин командири, генерал-лейтенат Эрик Олсон дүйшөмбү күнү Иранда эч кандай чалгындоо иштери болбогонун билдирди.

Ал ошондой эле Иран Ислам Республикасындагы кырдаал АКШлык аскерлердин Ооганстандагы операциясына зыян кылышы мүмкүн экенин этият эскертти.

Карзай жана Хатами ооган качкындарын ата журтуна кайтаруу маселесин да талкуулайт деп күтүлүүдө. Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, Иранда азыр 950 миңдей ооган качкыны бар.

XS
SM
MD
LG