Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Израил менен Палестин автономиясы саясий алакаларын кайрадан жандантышты


ИЕРУСАЛИМ. Иерусалимде Израил менен Палестинанын жооптуу өкмөт өкүлдөрү жолугушту. Жолугушуудан кийин журналисттерге берген маалыматында палестин өкмөтүнүн жооптуу өкүлү Заеб Эракат Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон менен Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббастын жолугушуусу жакын арада боло турганын, бирок сүйлөшүүнүн так датасы али белгилене электигин билдирди. Жолугушуу палестин жана жөөт жетекчилигинин акыркы төрт жылдын ичиндеги алгачкы жогорку дэңгээлдеги жолугушуусу болмокчу.
Анын аралыгында Палестин өкмөт башчысы Израилдин палестиндерге каратылган мамилесин сынга алып, буларды айтты:
Биздин негизги талаптарыбыздын бири –Израил агрессиясын токтотуусу керек. Кечээ Батыш Жээкте алар 45 кишини камакка алышты. Бул эмне деген жорук? Биз тынчтыкка карай умтулуп жатсак, Израил өз ишин улантууда. Бүгүн алар бир палестин кызды өлтүрүп салышты,- деди Ахмед Курейи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG