Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

ЭКОНОМИКА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН ЭСЕБИНЕН ӨСҮП ЖАТАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек. Улуттук статистикалык комитет өткөн жылдын жыйынтыгын чыгара электе эле, президент ички дүӈ продукты 7% өстү деп жарыялаган болчу. Азыр аталган комитет өз ишин аяктады. Анын маалыматына караганда, экономикалык өсүш 7,1% түзүп, президент айтканга жакын болуп чыкты.

Бирок, анын маалыматы боюнча, өткөн жылы өнөр жай продукциясы 3,7%, курулуш 3,5% көбөйүп, өлкөнүн негизги тармактарында анчалык деле чоӈ өсүш болбоптур. Талаачылык 8,1% өскөн менен мал чарба продукциясы 0,4% азайып, айыл чарбасындагы экономикалык өсүш орто эсеп менен 4,1% түздү. Экономикалык өсүш бир гана тармакта - кызмат көрсөтүүдө жогору болгон.
-Кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 35,8 млрд сом түзүп, 11,7% өстү- деди экономикалык өнүгүү министри Амангелди Муралиев 25-январда министрликтин өткөн жылда жасаган иши тууралуу отчет берип.

Министрликте өткөрүлгөн жыйынга катышкан өкмөт башчы Николай Танаев экономикада жакшы жылыштар бар деп эсептеген менен, ички дүӈ продуктыда өнөр жайдын үлүшү жылдан жылга азайып бара жатканына көпчүлүктүн көӈүлүн бөлдү:

-Өнөр жайдын ички дүӈ продуктыдагы үлүшүнүн төмөндөшү олуттуу проблема. 3 жылдын ичинде биз аны 23% дан 16%га чейин төмөндөтүп жибердик. Өнөр жайы биз үчүн бюджетке акча берген тармак–деди Николай Танаев.

Анын айтымында, ошондой эле даяр продукция өндүрүү да азайып, өлкө чийки зат өндүргөн өлкөгө айланып барат. Мисалы 1999-жылы машина куруу өнөр жайы жалпы өнөр жай продукциясынын 4% берсе, 2004-жылы ал 1,8% берип калды. Ошондой эле жеӈил өнөр жайынын үлүшү мурда 5,6%, ал азыр 2,5% түзөт.

Кызмат көрсөтүү тармагына соода, туризм, машине жана үй буюмдарын оӈдоо, байланыш, банк кызматы, окуу жайлар, саламаттык сактоо мекемелери жана башка көптөгөн тармактар кирет. Эксперттер бул тармактардын ичинен акыркы жылдары өлкөдө байланыш, тагыраак айтканда, мобилдик байланыш жана интернет байланышы чынында эле тез өсүп жаткандыгын белгилешет. Бирок алар жалпы жонунан кызмат көрсөтүүнүн абалы өлкөдөгү негизги тармактардын абалына жана элдин турмуш деӈгээлине жараша болуп, анын өсүш темпи алардыкынан көп деле айырмаланбастыгын айтышат. Ошондуктан алар мындай өтө жогорку көрсөткүч эсеп иштеринин жакшы жолго коюлбаганынан болушу да мүмкүн деп ойлошот.

-Мурда ишканалар белгиленген күнгө карата өздөрү канча товардык жана дүӈ продукция өндүргөнү жөнүндө сөзсүз отчет беришчү. Азыр болсо алар көпчүлүк учурда кыйыр түрдө эсептелет. Продукцияны так эсептер албасын статисттер өздөрү да мойнуна алып жатышат- деди профессор Владимир Кумсков.

Улуттук статискалык комитеттин эсеби боюнча, мурда айыл чарбасы жылына 10% өсүш берчи. Айыл чарба продукциясын комитет жөн эле кошуп жазып жатышат деп, аны айрым адистер айыптап келишкен. Алардын айтымында, айыл чарбасында эсеп-кысап иштери жокко эсе. Азыр адистер кызмат көрсөтүү тармагында да абал ошондой экендигин айтышат.
XS
SM
MD
LG