Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

ГЕНОЦИД ЭМНЕ ҮЧҮН КАЙТАЛАНЫП ЖАТАТ?


Бул күндөрү эл аралык коомчулук Холокостун курмандыктарын эскерүүдө. Бейшембиде Польшада фашисттик Освенцим лагери советтик аскерлер тарабынан бошотулганынын алтымыш жылдыгы белгиленмекчи. Улуттар уюмунда 1948-жылы эле Геноцид боюнча конвенциянын кабыл алынышы Холокостун коркунучтары эми эч убакта кайталанбай турганын каңкуулаган эле. Бирок эл аралык коомчулук андан бери деле Кабоджа, Руанда, Босния, Ирак сыяктуу өлкөлөрдө геноциддин чыгышын алдын алалбады. Буга эмне себеп?

Кезинде Британиянын Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы премьер- министри айтылуу Уинстон Черчиль "аты жок кылмыш" деп атаган геноцидге алгачкы жолу укуктук аныктама 1945-46-жылдардагы Нюрнберг сот жараянында берилген болчу. Анда Гитлердин режиминин аман калган өкүлдөрү рассалык, улуттук жана диний тайпаларды тукум курут кылууну көздөгөн кылмыштары үчүн айыпталган эле. Нюрнберг сот жараяны жана андан соң Улуттар уюмунда Геноцид боюнча конвенциянын кабыл алынышы дүйнө коомчулугу эми нацисттер жөөттөрдү кыргандай окуялардын кайрадан чыгышына жол бербегидей баскычка багыт алганын көргөзгөн. Бирок андан берки жылдар бул жетишсиз болгонун далилдеди.

Кайсыл бир улуттук тайпаны тукум курут кылуунун эң эле соңку мисалы ирээтинде Судандын Дарфур чөлкөмүндөгү окуялар аталууда. Бул жерде өкмөтчүл араб согушкерлери кара түстүү оң миңдеген судандыктардын өлүмү үчүн айыпталган.

Эл аралык коомчулук эмне үчүн геноциддин кайталанылышын алдын алалбай жатат?
Бернард Гамильтон бейөкмөттүк уюм – Лео Купер фондунун президенти. Анын уюму адамзатты геноцид оңдүү көрүнүштөн арылтуу багытында иш жүргүзөт. Гамильтондун пикиринде, эл аралык коомчулуктун Геноцид боюнча конвенцияны аткаруу жаатындагы аракеттери жай болду:

-Менимче кылмыштын өтө олуттуулугунан улам бул жерде антип айыпталуу калуу же адамдарды айыптоо боюнча кандайдыр бир чоочулоолор болду. Андыктан эл аралык коомчулук Геноцид конвенциясын аткаруунун механизмдерин киргизүүдө этияттанды. Эрте баштады, бирок өтө этияттык менен жылды. Эл аралык кылмыш сотун, Улуттар уюму геноциддин пайда болушуна даяр тургудай көзөмөлдөөчү система түзгөн жок.

Бернард Гамильтондун пикиринде, жакында Эл аралык кылмыш сотунун уюштурулушу конвенцияны ишке ашыруу багытындагы маанилүү кадам. Буга кошумча БУУда геноцидди алдын алуу боюнча атайын кеңешчинин кызматы киргизилди. Аргетиналык адвокат Хуан Мендез бул кызматка быйыл дайындалган. Анын эң алгачкы долбоору – Дарфурдагы кырдаал боюнча отчетун БУУнун башкатчысына ушул аптада тапшырылды.

Анткен менен башка кыйынчылыктар да жок эмес. Рен Ленмарченд салыштымалуу геноцид боюнча адис, мурда АКШдагы Флорида университетинде профессорлук кылган. Ал белгилегендей, проблеманын бир өңүтү Батышта ошол кыргынга кабылган адамдар "бизден алыс жана алар жөнүндө эч нерсе билбейбиз" деген түшүнүк бар экендигинде:

-Себептердин бири геноцидге алып барга окуяларды жээригенибизде жана аны болтурбоого жөндөмсүз экенибизде же каалабаганыбызда. Холокостон кийинки чоң кыргын орун алган өлкөлөргө көз чаптырсак Босния,Камбоджа, Руанда, Бурунди экен. Менимче бул өлкөлөрдө массалык кыргын, геноцид болгонго чейин аларды миң америкалыктын ичинен бирөөсү дүйнө картасынан таба алмак эмес.

Коомчулук балким мындай трагедияларды качан ал ишке ашканда билет бирок саясатчыларда, бийлик өкүлдөрүндө кырдаал курчуй элегинде эле кабардар болуу мүмкүнчүлүгү бар. Маселен өткөн кылымдын башында армениялык дипломаттар АКШны Түркиянын бир миллиондой армянды кыруусуна жол бербөөгө чакырган. Анкара мындай айыптоону узактан бери эле төгүндөп келет. Батыш бийликтерине учурунда Босния менен Руанда да геноцид коркунучу бар экендиги эскертилген. Бирок 1995- жылы Сребреницада 7 миңдей мусулмандын, же андан бир жыл мурда Руандада хуту улутундагылардын 750 миңдей тутси улутундагыларды жок кылуусуна жол бербөө үчүн жетиштүү аракет көрүлгөн эмес.

Профессор Ленмарченддин пикиринде, Батыш өлкөлөрү кээде эгер кырдаал өзүлөрүнүн улуттук кызыкчылыгына коркунуч туудурбаса, аскерий же башка кадамдарга барууну көп каалашпайт. АКШ өзү Геноцид жөнүндөгү конвенцияны 1986- жылы гана ратифкациялады. Мунун алдында конвенцияга геноцид боюнча айыптоо өкмөткө тагылбоосун кепилдеген бир катар алымча- кошумчалар киргизилген. АКШ ошондой эле Эл аралык кылмыш сотуна да кошулбай келүүдө. Айтор ушул аптада фашисттик Освенцим лагеринин советтик аскерлер тарабынан бошотулганынын алтымыш жылдыгы белгилениши дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн геноцид маселесине дагы бир жолу бурду.

Эл аралык коомчулук эми алдыда Саддам Хусеин 5 миңдей күрддү, Босниянын сербдери 7 миңдей мусулманды кыргындай окуяларга жол бербөө үчүн саясий эрк менен коомдук колдоону айкалаштыра алар- албасын келечек көргөзмөкчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG