Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:50

КАРАБАК ДАЛЕ КАРА ТАК…


Жаңыл Жусупжан, Прага. Eвропа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы ушул шейшембиде Тоолуу Карабак боюнча талаштуу резолюция кабыл алды. Резолюцияда Карабактагы жергиликтүү армяндарды сеператисттик калаба бүткөндөн кийин Азербайжандын бир топ жерлерин басып алгандыгын сынга алынат. Бул докуметке ассамблеядагы армян делегациясы делегаттар Азербайжанга жан тартып койду деп нааразы болушту.

Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы – ЕКПАда Армениянын жана Азербайжандын делегаттары эки сааттан ашык кайым айтышты. Бирок ЭКПАнын отчетун жазган британиялык делегат Дейвид Аткинсон ассамблеянын атынан кавказдык кесиптештерин курулай сөзүн токтотууга чакырды:

– Мындай болгон болбойт. Ким тарыхты эскерсе, өткөн мезгилде жашашы керек. Биз артка кылчактабай, алга жылышыбыз зарыл. Биз бүгүнкү күндүн чындыгын моюнга алышыбыз керек."

Аткинсондун айтканы менен болсок, бүгүнкү күндүн чындыгы ушул – Карабак согушун токтоткон убактылуу элдешүүдөн 11 жылдан кийин да Азербайжан Карабак менен согушпаганы менен, тынчтык келишими да түзүлө элек.

1988-жылы Армениянын тымызын колдоосу менен Карабак Азербайжандан бөлүнүп кеткенден кийин башталып, 1994-жылга чейин созулган согушта 35 миңдей кишинин каны төгүлгөн, жүз миңдеген киши үстүндө үйү, алдында казаны жок, куулуп калган.

Дейвид Аткинсон Ассамблеянын көңүлүн дал ушул согуш бүткөнүнө карабай, туулган жерине кайта албай келаткан качкындардын тагдырына бурду:

- Мен Ассамблеянын качкындар боюнча биринчи өкүлү болуп, Армения менен Азербайжандагы убактылуу качкын жайларын өз отчетумда сүрөттөгөм. Еревандын сыртында эскилиги жеткен вагондордо, Азербайжандын баш калаасы Бакыда жүз миңдеген качкындар жашаган чатыр шаарчалар жөнүндө жазган элем. Андан бери жаштардын бүтүндөй бир мууну өсүп чыкты, Палестинадагыдай алардын жогото турган эч нерсеси жок.

Армениянын өкмөтү 50-60 миң качкынды жайгаштыра алды, бирок Карабактан качкан 800 миң чакты азери атуулдары бүгүн да Бакынын жанында, Азербайжандын дагы башка шаарларынын чет-жакасындагы убактылуу салынган үйлөрдө, таштанды вагондордо, үңкүрлөрдө жашап жатышат. Эл аралык агенттиктердин болжолунда бул бүлөлөрдөгү ар бир үчүнчү бала тоюна тамак ичпейт.

Армения менен Азербайжан 2001-жылы Европа Союзуна мүчө болуп киргенде, Карабак талашын чукул арада чечип алабыз деп сөз беришкен. Бирок андан бери жылыш боло элек.

Шейшембидеги жыйында ЭКПА делегаттарынын көпчүлүгү
Болгариянын мыйзамчысы Евгений Кириловдун Азербайжанда оккупациялык күчтөр турбашы керек деген талабын колдошту:

- Күч менен басылынып алынган аймактар болбошу керек, эч бир өлкөнүн аймагынын күч менен тартылып алынышына жол берилбеши керек. Эгерде биз ушуга макул болсок, келечектүү тынчтыкка жол салабыз.

Шейшембиде кабыл алынган резолюция Азербайжанды Карабактын жетекчилери менен байланыш түзүүгө чакырат. Бул документке карата армян өкмөтүнүн ой-пикири азырынча белгилүү эмес.
XS
SM
MD
LG