Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

АРМЕНИЯДАГЫ ЖӨӨТТӨР ӨЛКӨДӨ АНТИСЕМИТИЗМ КҮЧӨП БАРАТАТ ДЕШЕТ


Кубат Оторбаев, Прага Армениядагы бир ууч жөөттөр Кавказда антисемитизм күчөп баратат деген тынчсыздануусун айтып чыгышты. Алардын пикиринде анын жышааны өткөн жылы пайда болду: алгач - Холокосттун курмандыктарынын урматына Ереванда тургузулган эстеликти кимдир бирөөлөр мазактап, булгап кетишти. Ага удаа эле жөөттөргө каршы үгүт-чакырыктар айтыла баштады. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Армениядагы кабарчысы Эмил Даниляндын маалымдаганына караганда азырынча өкмөт бул проблемага жакшылап көңүл бура элек.

Римма Варджапетян - Армениядагы жөөт коомунун төрайымы. Ал бул өлкөдө жашаганына дайыма сыймыктанчу. Анткени мурдагы Советтер Союзунда жөөттөр үчүн эң мыкты шарт Кавказдын ушул республикасында түзүлгөн деген терең ишеним бар болчу:

- Биз кайсы жерде болбосун Арменияда эч убакта антисемитизм болгон эмес жана азыр да жок, Армения – жөөттөр үчүн жакшы шарт түзүлгөн мамлекет деп айтып келатабыз. Эң башкысы - бүгүнкү күндө Армения саясий жактан да, социалдык жактан да туруктуу мамлекеттердин бири.

Бирок Римма Варджапетян айым да соңку мезгилде Арменияда жөөттөрдү “жөөлөмөй” окуялары арбып баратканына тынчсызданат.

Антисемитизмдин алгачкы жышаандары Арменияда өткөн жылы пайда болду. Өкмөттүн саясатын колдоого алган ALM телеканалынын кожоюну Тигран Карапетян телефон аркылуу көрармандардын суроолоруна жооп берген учурларында жөөттөрдүн короосуна таш ыргыткан сөздөрдү көп айта баштаган. Анын пикиринде жөөттөр бир эле Армения эле эмес, дүйнөгө да үстөмдүк орнотууда шектүү ыкма-жолдорду пайдаланып жатат.

Карапетяндын мындай демилгесин колдоого алгандар да чыкты. Алардын бири – “Армения арийлери” коомунун лидери Армен Аветисян. Жакында бир гезитке берген интервьюсунда Аветисян “Арменияда жарым миллионго жакын жөөттөр жашайт, мен аларды өлкөдөн кетирүүгө киришип жатам” деп айткан. 24-январда Армениянын коопсуздук күчтөрү Аветисян мырзаны улуттар аралык мамилелерге чагым жасады деген айып менен камакка алышты.

Холокостун курмандыктарынын элесине Ереванда тургузулган мемориалды өткөн жылдын сентябрында жөөттөрдүн майрамы учурунда белгисиз бирөөлөр мазактап, булгап кетишкен.

Бирок жөөттөрдүн намысына баарынан да тарых илимдеринин доктору, көрүнүктүү этнолог Хрануш Харатян айымдын интервьюсу катуу тийди. Ал - Армян өкмөтүнүн дин жана улуттук азчылыктар мекемесин жетектейт. Орус тилдүү “Голос Армении” гезитине берген интервьюсунда Хрануш Харатян жөөттөрдүн лидерлерин башка улуттарга карата сиркеси суу көтөрбөй мамиле жасап жатышат деп сынга алган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосуна жакында берген интервьюсунда ал жөөттөрдүн ыйык китеби Тоораттын айрым аяттарында “жөөттөн башка элдердин баары киши катары саналбайт деп айтылган” деген пикирин билдирди:

- Тоораттын көптөгөн аяттарында жөөт эместер жана динге ишенбегендер адам эмес, айбан деген ойлор камтылган.

Римма Варджапетян жана Армениянын башкы раввини Герш Меир Бурштейн өткөн айда Армениянын тышкы иштер министри Вардан Осканян менен жолугушуп, өлкөдө күчөп бараткан антисемитизм көрүнүштөрүнө көңүл бурууну суранышты. Бирок аталган министрликтин өкүлү кийин бул маселе өкмөт кийлигише тургандай деле деңгээлде эмес деген пикирин билдирген.

Адам укуктарын коргоо боюнча Хельсинки ассоцациясынын Армениядагы өкүлү Михаил Даниелиян өкмөттүн мындай позициясына түшүнбөй турганын жашырбайт:

– Мен мамлекеттик чиновниктердин кайдыгерлигине таңгалып турам. Бул Армения үчүн кийин-соңу ойго келбес окуяларга алып келиши ыктымал.

Айрым маалыматтар боюнча Арменияда миңдин айланасында эле жөөттөр жашайт. Алардын негизги бөлүгү - 1960-70-жылдарда Орусия менен Украинадан көчүп келишкен окумуштуулар. Жөөттөрдүн көбү армяндар менен кечээ жакынга чейин эле “сен-мен” дешпей, камыр-жумур жашап келишти. Далайы армяндарга кыз берип, кыз алып, кудай кошкон куда болушкан.

Жөөттөрдүн маселеси тарыхты тактоого аракет кылган талаш-тартыштар учурунда да козголо калып жатты. Мисалы, кээ бир окумуштуулар “1915-жылы армяндар түрктөрдөн ыдык көргөн учурда жөөттөр бизди эмес, түрктөрдү колдогон болчу” деген сөз айтышкан учурлар болду.

Ушул айда Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү антисемитизм проблемасы боюнча отчет жарыялап, анда Армения дагы мындан соо эмес экендигин белгилеген.

ALM телеканалынын кожоюну Тигран Карапетян Америкага дароо жооп кайтарды. Кийин ага түз ободо телефон аркылуу Израилден кайрылган аял Карапетянды жеке бизнеси үчүн бүтүндөй жөөт элин жөөлөп жатат деп сынга алды.

Армениядагы жөөт коомунун төрайымы Римма Варджапетян өкмөт эле эмес, жарандык коомдун өкүлдөрү дагы антисемитизмдин көрүнүштөрүн токтотууга көңүл бурушса дурус болот эле деген пикирин айтат:

– Биз армяндардын аттуу-баштуу адамдарынан кимдир-бирөө ушундай демилге менен чыгат деп күтүп жатабыз. Эң алды бул маселеге армяндардын өздөрү көңүл буруушу керек. Анын үстүнө биринчиден, биз өтө азпыз. Экинчиден, өзүбүздү-өзүбүз коргоп чыкканыбыз деле адепке анчалык туура келбейт го.

Ошентсе да жакында жөөт коомчулугунун атынан президент Роберт Кочеряндын наамына кат жолдонду жана анда өкмөт антисемитизм маселесине көңүл бурбай жатканы айтылды.

XS
SM
MD
LG