Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

Пикетчилер Абдыганы Эркебаевге нааразы


БИШКЕК. 27-январда Бишкекте экс-элчилерди парламенттик шайлоого катыштыруу талабы менен пикет улантылды. Алар Мыйзам чыгаруу жыйын төрагасы Абдыганы Эркебаевден элчилерди шайлоого катыштыруу мыйзамына кол коюшун талап кылышууда. Ошондой эле нааразылык акциясынын катышуучулары «пикетчилер тууралуу жалган маалымат таратты» деп мамлекет башчы Аскар Акаевдин мамлымат катчысы Абдил Сегизбаевди сотко берүүгө камданып жатышкандыгын маалымдашты. Эске сала кетүүчү нерсе, Мыйзам чыгаруу жыйыны 20-январдагы отурумунда элчилерди шайлоого катыштырууга уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алган. Палата төрагасы Абдыганы Эркебаев мыйзамды кабыл алып жатканда айрым мыйзам бузууларга жол берилген деп аталган мыйзамды мамлекет башчысына кол коюга жөнөтпөй жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG