Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Кыргызстанга Владимир Путин келет


БИШКЕК. Ушул жылдын июль айында Кыргызстанга Орусия президенти Владимир Путиндин расмий сапар менен келиши күтүлүүдө. Мындай макулдашууга тараптар президент Аскар Акаев ушул аптанын башында Москвада иш сапары менен болгон учурунда келишкен. Путиндин сапары учурунда тараптар 15 документ боюнча макулдашууга келиши ыктымал. Алардын негизгилери катары Кыргызстанда алюминий заводунун, Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтеринин курулуштары боюнча макулдашуулардын долбоорлору саналат. Мындан тышкары эмгек мигранттарына байланышкан маселелер да көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев шаршембиде өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Президент Аскар Акаев Орусияга эки күндүк иш сапарынын учурунда президент Владимир Путин менен жолугушкан. Бул иш сапары айрым маалымат каражаттарын Кыргызстандагы парламенттик жана президенттик шайлоого байланышкан жагдайды талкуулоо максатын көздөгөн шашылыш сапар катары сыпатталган. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги мындай божомолдор негизсиз деп, атайын билдирүү таратты.

XS
SM
MD
LG