Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Абхазиянын жетекчиси Саакашвилинин Европарламенттеги сөзүн сынга алды


- Маданияттуу өлкөлөрдө маданияттуу адамдар мындай маселелерди сүйлөшүү аркылуу чечишет. Ал эми мындай кысмакка алуу, одоно чабуулдар биздин өлкөлөр ортосунда тез арада саясий диалог түзүүгө огожо боло алабайт, -деди Абхазиянын жаңы шайланган президенти Сергей Багапыш.

Саакашвили кечээ Страссбургда Абхазияга кеңири автономия сунуш кылуудан майнап болбойт деп айткан эле. Ал бирок Түштүк Осетия көз карандысыздыктан баш тартса, анын автономиялык укуктарын кеңейтүүнү сунуш эткен.

Орусия Саакашвилинин бул сунушун изилдеп жаткандыгын билдирди, Түштүк Осетиянын жол башчысы Эдуард Кокойты сунушту четке каккан.

XS
SM
MD
LG