Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

ОСВЕНЦИМ ӨЛҮМ ЛАГЕРИНИН БОШОТУЛГАНЫНЫН АЛТЫМЫШ ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан 60 жыл мурда, 1945-жылдын 27-январында Советтик армия Польшанын түштүгүндөгү Освенцим деген кыштакты бошоткон. Немистер Аушвиц деп атаган бул кыштакта дүйнөгө кейиштүү атагы чыккан өлүм лагери жайгашкан жана ушул аптада бүткүл дүйнө коомчулугу Освенцимде жана башка концлагерлерде нацисттер тарабынан өлтүрүлгөн миллиондогон туткундарды эскерүүдө.

Польшалыктар өздөрү Освенцимди Ошвенцим деп атайт. Өлүм лагери чындыгында эки кошуна кыштакта жайгашкан - Освенцимдин жанында Бжежинка деп аталган да кыштак бар, ага немистер Биркенау деген ат койгон.

Биркенауда туткундар жашаган барактар жайгашкан жана лагерден чыгып бараткан жерде жол үстүнө "Эмгек эркиндик алып келет" деген жазуу орнотулган. Туткундар жумушка чыкканда, күнүгө ушул жазуунун астынан өтчү, көбү кайтып келчү эмес.

Бардыгы болуп Освенцимде бир жарым миллионго жакын адам өлтүрүлгөн, алардын көпчүлүгү - Европанын ар башка булуң-бурчтарынан чогултулуп келген жөөттөр болчу, бирок лагерде кармалгандардын арасында миңдеген башка улуттагылар да болгон. Негизинен алар - нацист жетекчилер тарабынан адам катары саналбаган цыгандар, саясий туткундар, гомосексуалдар болгон, алардын 70 пайызга жакыны - кара жумушка көнбөгөндөр болчу жана көп чыдабай эле өлүп кетчү.

26-январда Освенцимде эл аралык жыйын болду, ага саясатчылар, журналисттер жана өлүм лагеринде аман калган кээ бир туткундар да чогулду. Алардын арасында - Италиядан келген Андра жана Татьяна Буччи деген эже-сиңди да болду. Алар Освенцимде кармалганда алты жана төрт жашар кыздар болгон жана бул лагерде тирүү калган балдардын чандаларынын бири. Андра Буччи мындан 60 жыл мурдагы окуяларды жүрөгү титиреп эстейт:

- Чындап айтканда, Биркенауга баргандан мен коркуп турам, ал Освенцим эмес, ал жерден биз мурда жашаган барактарыбызды көрөбүз, миң жолу басып өткөн өлүм жолду дагы бир жолу басабыз, анын баарын кайра көрүү мен үчүн кыйын болуп турат.

Освенцимдеги туткундар негизинен атайын камераларга чогултулуп, "Циклон Б" деп аталган цианид газ менен өлтүрүлчү, анын алдында башчылар аларды алдап, душка түшөсүңөр деп жылаңачтап салчу.

Өлгөндөрдүн денелери кийин жүктөлүп келип, атайын мештерде өрттөлчү. Денелерди өрттөп жок кылган жумушчулар тобун "Ледеркоммандо" деп койчу, ал командада иштеген адамдардын да кээ бирлери быйылкы жыйынга катышууга чакырылган.

Азыр сексенге чыккан Хенрик Манделбаум Освенцимге 19 жаш кезинде, 1944-жылдын 22-апрелинде бүткүл үй-бүлөсү менен кошо алып келинген, анын эта-энеси жана агасы менен эжеси баары ушул Освенцимде өлгөн, нацисттер болсо кийин Хенрикти "Ледеркоммандого" кошуп иштетип салган:

- Денелерди биз дөңгөлөгү бар замбилдерге салып келип, мешке оодарып салчубуз. Кайсы бир себептен мештин оозуна батпай, колдор же буттар тыгылып калса, атайын отурган жигит бар болчу, ал сөөктөрдү мештин эшиги жабылып турсун деп бир айрыга окшош темир менен ары түртүп салчу.

Освенцимдеги "Ледеркоммандодо" 730 адам иштеген, польшалык Хенрик Манделбаумду кошкондо, алардын азыр бешөө гана тирүү. Мындай ишке тартылгандар кийин нацисттерге каршы уюштурулган сотко күбө катары катышкан. Освенцимди башкарган Рудолф Гесс жана башка жетекчилер өлүм жазасына кесилип, дарга асылган.

XS
SM
MD
LG