Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

ГРУЗИН ПРЕЗИДЕНТИ ТҮШТҮК ОССЕТИЯ БОЮНЧА ТЫНЧТЫК ПЛАНЫН СУНУШ КЫЛДЫ


Грузин президенти Михаил Саакашвили ушул аптада Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясын Түштүк Оссетия боюнча тынчтык планы менен тааныштырды. Ал Тбилисинин бийлигин таануусу үчүн бул жикчил республикага кеңири автономия берүү жөнүндөгү сунушун дагы бир жолу кайталады. Бирок расмий Цхинвали сунушту дароо эле четке какты.

Саакашвили Грузиянын аймактык бүтүндүгүн президент катары өзүнүн биринчи беш жылдык мөөнөтүндө калыбына келтирүүнү убада кылууда. Ал бул максатка тынчтык жол менен жетээрин айтып жүрөт. Бирок былтыр жайда Түштүк Оссетия менен чек арага аскер жиберген болчу. Аскерлердин анда контрабандалык аракеттерди токтотуу максатында деп жиберилиши кагылышуулардын чыгышын шарттап, натыйжада грузиялык он алты аскер курман болгон. Ал эми оссетиялыктар арасындагы жоготуу белгисиз. Бул тараптар 1992- жылы ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашууга жетишкенден берки ири кагылыш эле.

Саакашвили шаршембиде Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясында сүйлөгөн учурунда ал окуяларды эскерген жок, мунун ордуна өзү атагандай Түштүк Оссетия тынчтык демилгесине көңүл бурду. Грузин президентинин пикиринде, ал сунуш кылып жаткан кеңири автономия жикчил Цхинвали чөлкөмүнүн мүдөө- максаттарына жооп берет. Өз планынын негизги жоболорун чечмелеп, Саакашвили Түштүк Оссетияга Грузиянын улуттук парламентинен, борбордук өкмөттөн жана сот системасынан квота бөлүнөрүн айтты:

-Биздин план жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну, аткаруу бийлигин жана парламентти эркин, тикелей шайлоо укугун камтыган автономиялык статусту конституциялык жактан кепилдейт. Чөлкөмдүн парламенти маңызы бар парламент болот. Бул ал маданиятты, билим берүүнү, социалдык, экономикалык саясатты, коомдук тартипти, жергиликтүү өзүн -өзү башкарууну уюштурууну, айлана-чөйрөнү коргоону көзөмөлдөйт дегенди билдирет. Ошол эле учурда Цхинвали чөлкөмүнүн эли улуттук өкмөттө өз добушна ээ болушу керек жана планда буга конституциялык кепилдик орнотуу каралган.

Саакашвили өз сөзүндө Түштүк Оссетия боюнча борбордук өкмөт кандай укуктарды аларын чечмелеген жок. Бул тууралуу грузин президенти ПАСЕнин жыйынына жөнөп кетээр алдында Тбилисиден мындай деген болуучу:

-Биз күчтүү грузин мамлекетин жана чатак тынч жол менен чечилишин каалайбыз. Бул үчүн кун төлөшүбүз жана чөлкөмгө белгилүү бир саясий укуктарды беришибиз абзел. Бирок чек ара көзөмөлүнө, коргонууга, коомдук тартипке, адам укуктарына байланышкан маселелердин баары борбордук өкмөттүн прерогативасы болот.

Грузин президенти ПАСЕнин жыйынында сунуш кылгандай, план боюнча алгачкы үч жылдык өткөөл мезгилдин аралыгында, коомдук тартипти эл аралык байкоо астында эки жактын биргелешкен полициясы көзөмөлдөйт. Ошол эле учурда Түштүк Оссетиянын аскер күчтөрү грузин армиясына кошулмакчы. Ага катар Саакашвили согуш учурунда жабыр тарткан адамдар компенсация аларын кошумчалады.

Түштүк Оссетиянын жетекчилиги болсо грузин президентинин сунушун дароо эле четке какты. Республиканын президенти Эдуард Кокойтанын Москвада жүргөн жеринен кабарчыларга айтканына караганда, алар Грузиядан көз карандысыз болууну гана көздөйт. Ал эми республиканын тышкы иштер министрлиги болсо Грузин президенти ПАСЕде сүйлөй электен эле анын тынчтык демилгесин "толугу менен кабыл алынгыс" жана "кезектеги пропагандисттик кадам" деп атаган.

Грузияда Түштүк Оссетиядан башка дагы бир жикчил чөлкөм – Абхазия бар экени белгилүү. Грузин президенти эмне үчүн Абхазияга да жогорудагыдай план сунуш кылынбаганын ПАСЕнин жыйынында төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Себеби, Абхазияга карата азыркы учур пайдасыз. Эмне үчүн пайдасыз? Себеби, баарынан мурда Абхазия сүйлөшүү жараянынан чыгып кеткен. Башка проблема- Абхазия согуш учурунда ар бир этникалык грузинди сүрүп чыгарган.

Согушка чейин Абхазиядагы эң чоң улуттук тайпа грузиндер болгон. 1989-жылкы эл каттоого караганда, алардын саны 250 миңдин тегерегинде эле. 1993-жылуы согушта грузин армиясы жеңилгенден кийин алардын дээрлик баары Абхазиядан кеткен. Аскерий операциялар аяктагандан кийин качкындардын 30 – 60 миңинде Абхазиянын түштүгүндөгү Гали районуна кайтуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок көпчүлүгү азыр деле Тбилисиде жана башка грузин шаарларында оор шарттарда жашоодо.

Абхазиянын жаңы шайланган президент Сергей Багапштын айтымында да алар эч убакта Тбилисинин юрисдикциясын тааныбайт жана Абхазиянын көз карандысыздыгын жокко чыгарган кандайдыр бир пландарды кабыл албайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG