Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:54

ИРАКТАГЫ ШАЙЛООГО ЭЛАРАЛЫК БАЙКООЧУЛАР КӨЗӨМӨЛ КЫЛБАЙТ


Кубат Оторбаев, Прага Ушул жекшембиде Ирактагы шайлоо кыйчалыш кырдаалда өткөнү турат. Ал күнү тартип катуу көзөмөлгө алынып, бейчеки басып-тургандарга, автокыймылга тыюу салынат. Ирактын кээ аймактарынын тургундары талапкерлердин тизмесин шайлоо участкасына барганда гана көрүшөт. Көңүлгө катуу түйө турган нерсе – бул шайлоого эларалык байкоочулар көзөмөл кылбайт.

Американын да, Ирактын дагы чиновниктери элди 30-январдагы шайлоого катышып бергиле деп кайра-кайра суранып жатышат. Шаршембиде мындай сөзүн Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш дагы айтып, ирактыктар бул саясий өнөктүккө катышуу менен өздөрүнүн мекенге болгон сүйүүсүн жана тоо жүрөктүгүн көргөзөт деди:

– Ирактагы террорчулар демократияга каршы согуш ачышты, анысы менен алар ирактыктардын өздөрүнө каршы чыгышты. Ага карабай шайлоо өткөнү турат. Ирактык миллиондогон шайлоочулар өздөрүнүн көкжалдыгын, мекенге болгон сүйүүсүн жана эркиндикте жашоого каалоосун көргөзөт деген ойдомун.

Козголоңчулар болсо шайлоону үзгүлтүккө учуратабыз деп кесенип жатышат. Алардын өкүлдөрү ушул аптада интернет аркылуу каарын төккөн мындай кайрылуу таратышты:

– Биз Ниневех провинциясынын можахеддери Кудай алдында сөз беребиз. Биз Ислам динине кызмат кылабыз жана бул шайлоонун ислам динине эч кандай тиешеси жок экендигин, ошол себептен шайлоо штабдарынын таш-талканын чыгарууга Кудайдан кубат издейбиз.

Мындай коркутуулар саясий өнөктүктүн даярдыгына мурда болуп көрбөгөндөй өзгөртүүлөрдү киргизди. Атап айтканда өлкөнүн кээ аймактарындагы шайлоо участокторунун дайын-дареги добуш берүүгө саналуу мүнөттөр калганга чейин жашыруун сакталмак болду. Коогалаңдуу чөлкөмдөрдөгү депутаттыкка талапкерлердин ысым-таржымалдары да аскердик сырдай эле бекем сакталып жатат.

30-январь жакындаган сайын кол салуулардын саны арбып, кан төгүүлөр көбөйө баштаган. Ошондон улам эларалык байкоочулар шайлоонун өтүшүнө көзөмөл кылышпайт. Алар шайлоонун канчалык талапка жооп бергендигин кийин гана Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрүнүн жыйынтыктарына таянып бааламак болушту.

Улуттар уюмунун Ирактагы шайлоого негизги жоопкер өкүлү Карлос Валенсуела ушул аптанын башында шайлоо ойдогудай өтпөй турган болуп калды деп, моюнга алды. Бирок ал ошого карабай добуш берүү мыйзамдуу болот деген пикирде:

– Албетте бул жолку добуш берүүнү эң мыкты жана шайма-шай деп айтууга болбойт. Эгер коопсуздук чаралары ага жол берип, шайлоо өтсө, анын жыйынтыктары биздин болжолдорду актайт жана мыйзамдуу болот деген үмүттө турабыз.

Шайлоочуларды коргош үчүн Ирактын полицейлери жана аскерлери добуш берүүчү участокторду тегерете курчап, кайтарууга алышмак болду. Америка баштаган коалициянын аскерлери болсо кол салуу катталып калса жардамга келмекке тосотто турушмакчы.

Анткени козголоңчулар Иракта чет өлкөлүк аскерлер үстөмдүк кылып турганда өткөн шайлоо кайдан адилет болсун деген нааразылыктарын билдиришкен эле.

Ирактын убактылуу өкмөтү шайлоого үч күн калганда эле өлкөдө бейчеки кыймылды токтотуп, чегараны жана Багдаддын аэропортун жабууну чечти. Өнөктүк күнү болсо өкмөттүн атайын уруксат кагазын алган гана автомашиналар ары-бери каттай алат. Себеп дегенде соңку мезгилде козголоңчулар автомашиналарга дүрмөт коюп жардыруу менен далай ирет терракт жасашты.

Шайлоо өлкөнүн суннилер көп жашаган борбордук жана түндүк аймактарында кандай өтөөрү белгисиз. Анткени суннилер америкалык саясатка гана эмес, шийилерге да каршы чыгып жатышат. Талапкерлердин арасында суннилердин көп өкүлдөрү бар. Ага карабай, айрымдардын пикиринде, бул шайлоо бийликтеги шийилердин үстөмөндүгүн мыйзамдаштырып гана бермекчи.

Азыр Ирактан башка мамлекеттерде жашап жаткан ирактыктар болсо добуш берүүнү жума күндөн тартып эле баштайт жана ал өнөктүк жекшембиге чейин уланмакчы. Эларалык миграция уюмунун маалыматы боюнча он төрт чет өлкөдө бир миллиондой ирактыктар жашайт. Алардын 280 миңдейи каттоодон өтүп, добуш берүүгө укук алышты.

Ошентип, жекшембиде ирактыктар 275 депутаттан турган Улуттук жыйындын курамын аныктайт. Жыйын болсо кийинки өкмөттү түзөт жана Саддамдан кийинки биринчи Конституцияны кабыл алат.

Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү – талапкерлердин ар бир үчүнчүсү аял болуп жатат. Айтор, бул - Жакынкы Чыгышта мурда кездешпеген нерсе, анткени парламент мүчөлөрүнүн үчтөн бири аялдар болгону турат.

Бюллетендер качан саналып бүтөт, шайлоонун алгачкы жыйынтыктары качан чыгат – бул да белгисиз. Белгилүүсү - ар бир шайлоо участокторунда санактар бүтөөр замат анын жыйынтыктары Багдадга жөнөтүлгөнгө чейин эле коомчулукка жарыяланат экен.
XS
SM
MD
LG