Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

Мындан алтымыш жыл илгери – 1945-жылы 27-январда – совет аскерлери нацисттердин Освенцимге жакын жердеги концлагерин бошотушкан. Бул жай жөөттөрдү түгөл кырып, тукум курут кылууну көздөгөн Гитлердин башкы ”өлүм фабрикасы” болгон. Освенцимде өткөрүлгөн эскерүү форумуна концлагердин мурдагы эки миңдей туткундары, элүүгө чукул өлкөлөрдүн ырасмий делегациялары, алардын ичинде президенттер жана өкмөт башчылары катышты.

Освенцимди советтик аскерлер 1945-жылдын кычыроон кышында бошотушкан. Майор Анатолий Шапиро командалык кылган бөлүктүн жоокерлери биринчи болуп “өлүм фабрикасынын” тикенек зымдуу курчоосун бузушкан.

Бейшемби күнкү азалуу жыйынга чогулган он миңден ашуун адам Шапирону, анын куралдаш үч курбусун – согуштун ветерандарын - кол чаап тосуп алышты. Шапиро өз сөзүндө: “Душманга мындай мыкаачылык кылганга эч качан жол бербегиле”,-деп айтты.

Форум паровоздун ачуу үнү менен ачылды. 1940-жылдын апрелинде Освенцимге туткундар жүктөлгөн биринчи поезд келген. Беш жылга жакын убакыт ичинде нацисттер канча кишини өлтүргөнү алиге чейин белгисиз. Болжолдуу эсептерде гана Освенцимде бир жарым миллиондой туткун болгону, алардан бир миллиондон ашыгы жалаң жөөттөр экени айтылып жүрөт. Айрым тарыхчылар холокостто баары болуп алты миллион жөөт кырылган деп эсептешет.

Форумдун ачылышында Польшанын маданият министри Валдемар Дабровски: “Биз дүйнөдөгү эң чоң көрүстөндө турабыз,бул жерде кабыр да жок, мүрзө да жок, бирок бу жерде бир жарым миллиондой адамдын күкүм болгон күлү жатат”,-деп айтты.

Эскерүү форумунда Освенцимдин мурдагы туткундары, аларды бошоткон согуш ветерандары сөз сүйлөштү. Нобел сыйлыгынын ээси Элие Визел чогулгандарга кайрылып: ”Бүгүндөн кийин да мурдагы бойдон калсаңар, анда ушул мүшкүл-тозоктун сабагы үчүн күрөштө биз баарыбыз утулган болобуз”,- деп билдирди.

Мурдагы туткундардын бири Францишек Жозефяк Освенцимдеги ойрондуу окуядан дүйнө дале олуттуу сабак албаганын, адамдар азыр деле бирин-бири кырып, өлтүрүп жатканын, бүгүн форумда айтылгандардын баары эртең эле эстен чыгышы мүмкүн экенин эскертти.

Жыйында Рим папасынын кайрылуусу окулду. Иоанн Павел II Освенцимде миллиондон ашуун жөөттөрдүн кырылганын адамзат тарыхындагы өчпөс кара так деп атады. Израилдин президенти Моше Кацав холокост жөнүндөгү тарыхый чындыктын бурмаланылышына жол бербөөгө чакырды.

Россиянын президенти Владимир Путин тарыхты кайра жазып, жазыксыз курман болгондор менен желдеттерди, оккупанттар менен боштондук алып келгендерди бир сапка койгусу келген аракеттерди айыптады. Ошону менен бирге ал Россияда антисемитизмдин көрүнүштөрү байкалып жатканын да моюнга алды.

Франциянын президенти Жак Ширак Освенцимдеги мыкаачылыкты унутуу адам деген улуу затты унутканга тете болорун эске салды. Польшанын президенти Александр Квасневски фашизмди талкалоодо мурдагы Советтер Союзунун ролу чоң болгонун белгиледи. Европарламент атайын резолюция кабыл алып, 27-январды фашизмдин курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялоону сунуш кылды.

Бул күнү кечинде жөөттөрдүн синагогдорунда холокосттун курмандыктарын эскерген таат-ибаадаттар өткөрүлдү.
XS
SM
MD
LG