Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

ПИКЕТЧИЛЕР ПРЕЗИДЕНТТИН МААЛЫМАТ КАТЧЫСЫН СОТКО БЕРҮҮНҮ КӨЗДӨШҮҮДӨ


Ушул жылдын 7-январында башталган нааразылык акциясы 27-январь күнү да улантылды. Бул күнү пикетчилердин мурунку талаптарына дагы башка талаптар кошулду. Алар ЖКтин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевден 20-январь күнү депутаттар тарабынан колдоо тапкан шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды президентке жөнөтүүсүн, ал эми президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин пикетчилерге жапкан жалаа сөзү үчүн жооп берүүсүн талап кылышты.

«Эркебаев мырза, эки жүздүүлөнбөй мыйзамды президентке жөнөт! Элчилер шайлоого катышып калсын» деген жазуусу бар транспорантты кармап турган пикетчи Эрлан Шакирбековдун айтымында Эркебаевдин мыйзамды эмгиче президентке жөнөтпөгөнү туура эмес:

- Эгер Эркебаев мыйзамга эртерээк кол коюп, президентке жиберсе, биздин элчилер шайлоого катышып калмак. Канча адам андан үмүт этип, суукта турабыз. Депутаттарга элдин кызыкчылыгын коргосун деп мандатты эл берсе, алар бийликтен коркуп, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн мыйзамды өздөрү бузуп атышат.

Ушундай эле пикирди дагы бир пикетчи Медет Жекишев да билдирди:

- Бир жумадан бери ар кайсы шылтоону айтып жүргөндүн ордуна башында добушка койдурбай коюушу керек болчу. Регламент бузулуп аткандыгын айтып, добуш бердирбөө- спикердин милдети.

Пикетчилердин айтымында, алардын нааразылыгын туудурган дагы бир нерсе- бийлик тарабынан эми аларга жалаа жабылып жаткандыгы. 26-январь күнү президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев маалымат жыйынында экс-элчилер Роза Отунбаева менен Мамбетжунус Абыловдун укугун коргоп чыгып жатышкан пикетчилер алардын жакын туугандары жана атайын акча төлөнүп, алынып келинген адамдар деп айткан:

- Элди көчөгө кантип алып чыкканын да көрүп атабыз. -деген Абдил Сегизбаев, - 7-январдан бери чыгып атышат дейсиңер, болгону 10-15 тууган-туушкандары гана чыгып атышат. Туугандарынан тышкары 50-60 сомдон төлөп, көчөдөн алып келип атышат.

Мамбетжунус Абыловдун укугун коргоо комитетинин мүчөсү Нурсултан Бусурманкулов минтип айткан сөзү үчүн президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевди сотко берүүнү көздөп жаткандыктарын билдирди:

- Пикетке чыгып жаткандарга акча берилип аткандыгын далилдеп берсин. Биз аны сотко бергенге укугубуз бар, сотко беребиз.

Аны нааразылык акциясынын дагы бир катышуучусу Өндүрүш Токтоназаров колдоду:

- Маалымат катчысынын айта турган сөзү мындай болбойт. Эгер ал акыйкатчы, чынчыл болсо, ушунча күндөн бери суукка тоңуп, чындык деп чыркырап турган адамдардын арасына бир басып келип, аныгына жетип туруп, сүйлөсө болмок. Мыйзам боюнча Абдил Сегизбаевдин өзүн ушундай ушак тараткандыгы үчүн сот жообуна тартса болот.

Ал эми өзүн Айжаркын деп тааныштырган Роза Отунбаеванын укугун коргоо комитетинин мүчөсүнүн айтымында адам укугун коргоо үчүн күрөш токтобойт:

- Келе жаткан шайлоо кандай өтөт, аны да көрөбүз. Быйылкы жыл акыйкат башкаруу жылы болгон жок, эч кандай. Тескерисинче элде жок мыйзамдарыбыз менен уят болдук дүйнө жүзүнө. Биз мындан ары да иштейбиз, эл менен иштейбиз. Азыркы өзүнүн каалагандай өкүмүн сүрүп турган бийликке да жооп берчү күн келет.

Нааразылык акциясынын катышуучуларынын айтуусунда пикет 28-январда да уланмакчы.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG