Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

ПАСПОРТ: КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ СЫРТКА ЧЫГА АЛАБЫ?


Жаңы үлгүдөгү паспортторду чыгаруу жана аны берүү укугу берилген маалымат технологиялары жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен алынган маалымат боюнча азыр өлкө ичинде гана пайдаланууга жарамдуу 102 миң жеке инсандык карточка жана жалпы атуулдук көк түстөгү 20 миң паспорт бар.

Мамлекеттик агенттиктин аппарат башчысы Турусбек Коеналиевдин айтымында алар эң ириде паспортко муктаж атуулдарга берилет:

- Токтомго ылайык чет мамлекетке чыгууга жарамдуу жалпы жарандык паспорт бир жылга берилет. Ал эми Кыргызстандын ичинде гана колдонулуучу карточка түрүндөгү жарандык паспорт 10 жылга берилет. Биринчи кезекте паспортунун виза коюучу барактары түгөнгөн жарандарга, андан кийин СССРдин убагында 1974-жылкы үлгүдөгү эски паспорту бар атуулдарга жана паспортун жоготуп алган же колдонуу мөөнөтү аяктаган атуулдарга берилет.

Өкмөттүн чечимине ылайык паспорт алган адам ага кеткен жалпы чыгым акысын төлөбөй, аты-жөнүн жаздырууга кеткен каражат үчүн гана 165 сом төлөйт. Ал эми Кыргызстандын герби оңдолуп басылган жалпы атуулдук паспорт эки айдын аралыгында даяр болот. Ал мурда кабарлангандай беш жылга эмес 10 жылга берилген жатат жана анын 26 жана 28-беттерине атуулдун үй-бүлөлүк абалы, турган жери жөнүндө маалыматтар жазылып, аны менен чет өлкөгө чыгууга уруксаат берилмек болууда. Ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик герби бузулуп басылып,эми бир жылга гана бериле турган жалпы атуулдук паспорт менен да чет өлкөгө чыгууга уруксаат берилди. Маалымат технологиялары жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин аппарат башчысы Турусбек Коеналиевдин айтымында,бирок, алар чет өлкөгө кыска мөөнөттө гана барууга жарамдуу болот:

- Паспорт бир жылга гана берилет. Бирок, биз ага виза берилет деп 100 процент кепилдик бере албайбыз. Мисалы, Америкага кетип жаткан атуулдар кайрылса, алар паспорттун пайдалануу мөөнөтү кыска деп виза бербей коюшу мүмкүн. Эгер кыска мөөнөткө, бир же эки жумага кетип жатса бериши мүмкүн. Ал эми окууга же стажировкага жарым жылга же үч айга кетип жаткандарга бербей да коюшу мүмкүн. Ага биз кепил боло албайбыз, Себеби, аны чет мамлекеттердин элчиликтери чечет.

Паспорт чатагы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында талкууланып жатканда айтылган маалыматтарга таяна турган болсок, азыр өлкөдө паспортко муктаж жарандардын саны 300 миңден 500 миңге чукул. Алардын арасында чет өлкөгө ар кандай иштер менен барууга камданып, бирок, паспортунун жоктугунан чыга албай жүргөндөр жок эмес. Орусияда иштеген атуулдардын укугун коргоочу «Акыйкат жолу» коомдук бирикмесинин төрайымы Бүайша Арсатнбекованын айтымында,атуулдар бир жылдык паспорт алган менен чет өлкөнүн визасын ала албай калышса, бул көрүнүш аларды убарага салышы жана анын негизинде алардын нааразылыгын жаратышы ажеп эмес:

- Кыргыз Репсубликасынын азыркы жаңыдан берилип жаткан паспорту жаңы баскычтагы кыйынчылыкка дуушар кылат. Себеби, азыркы учурда биздин «Акыйкат жолу» коомдук бирикмесинин Орусияда жүргөн миңдеген мүчөлөрү эски паспортторунда чет өлкөгө чыгууга уруксат берүүчү баракчаны ачтыра албай жабыр тартып жүрүшкөн болчу. Анын үстүнө эми жаңы үлгүдөгү паспорт бир эле жылга бериле турган болсо, Орусия менен виза режими жок болсо дагы паспорттук каттоо режимин сактоо деген шылтоо менен аларды кыйнай башташат. Бул бардыгыбызга маалым. Ошон үчүн биздин чет өлкөдө жүргөн атуулдарга абдан кыйын болот.

Мындай ойду азыр Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жараны Рейна Оморованын телефон аркылуу билдирген төмөнкү пикири да бекемдегенсиди:

- Бир жылдык паспортту Орусиялыктар, маселен Москвада иштеген милиционерлер тааныбайт. Ошон үчүн паспортту алып, анан атуулдарды депортация кылышы толук мүмкүн. Ал тургай мындай паспорт менен Казакстандын чек арасынан өтө албай калабыз, алар чек арадан алып коюушу мүмкүн.

Айрым байкоочулардын баамында бир жылдык паспорт менен виза алуу көйгөйү мамлекеттер ортосундагы пикир келишпестиктерге чейин жеткириши мүмкүн. Ал эми Маалымат технологиялары жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин аппарат башчысы Турусбек Коеналиев мындай божомолдор негизсиз деген ойдо:

- Мамлекеттик чатакка айланат же айланбайт деп мен так айта албайм. Бирок, биз аны өлкө ичинде гана колдонуу үчүн бир жылдык мөөнөт менен берели деген ой менен чечим кабыл алганбыз..Эгер Казакстан,Орусия же коңшу Өзбекстанга бара турган атуулдар болсо, алар биздин жарандарды кое берет деген ойдомун.

Ал эми паспорт даярдоо маселесин териштирген Мыйзам чыгаруу жыйыны жаңы үлгүдөгү паспортторду берүүнү токтотуп, 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттун мөөнөтү узартып, атуулдарды ошону менен камсыз кылсын деп өкмөттү милдеттендирген болчу.

XS
SM
MD
LG