Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

29-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!
Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 29-январдан 31 январга чейин Ош, Жалалабад, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында жана Бишкек-Ош автожолунун 121-138, 198-265 чакырым аралыктарында, ошондой эле Миңкуш, Арал, Суусамыр өрөөндөрүндө көчкү жүрүшү күтүлүүдө.

29-январда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаайт.

ЧҮЙ, ТАЛАС облустарында абанын температурасы түнкүсүн -13...-18 градуска, ал эми күндүз -5тен...-10 градуска чейин суук.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн -6...-11 градус суук, күндүз -4 градус сууктан+1 градуска жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн -16...-21, күндүз -6...-11 градуска суук болот.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн -6...-11 градус суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска жылуу.
БИШКЕКТЕ түнкүсүн -13...-15, күндүз -6...-8 градус суук.


Кабарлар топтомун даярдагандар Айданбек Ташкенбаев, Азиза Турдуева жана областтык кабарчылар.
Редактору Султан РАЕВ

XS
SM
MD
LG