Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Ош облусунун губернаторлугуна Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кубанычбек Жолдошев дайындалды.


ОШ. 28-январь күнү депутаттардын Ош облустук Кеңешинин чукул чакырылган сессиясында президент Аскар Акаевдин Кубанычбек Жолдошевди Ош облусунун губернаторлугуна дайындоо жөнүндө жарлыгына макулдук берүү маселеси каралды. Алгач президенттин администрация жетекчиси Тойчубек Касымов мамлекет башчысынын атынан Кубанычбек Жолдошевди расмий түрдө тааныштырып, губернатордук кызматка тандоодо ал кишинин тазалыгына жана саясий позициясынын туруктуулугуна өзгөчө маани берилгендигин баса белгиледи. Колго салууда облустук Кеңештин депутаттары Ош облусунун губернаторлугуна көрсөтүлгөн Кубанычбек Жолдошевдин талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти. Облус депутаттарынын мындай шамдагай аракетине ыраазы болгон президенттик администрация башчысы Тойчубек Касымов алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордо жаңы дайындалган губернатор өзүнүн уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн көрсөтөөрүнө ишенеерин билдирди

XS
SM
MD
LG